Абэ менен Путин Курил аралдары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө
Бүгүн Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жолугуп, Курил аралдары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Жапония менен Орусия Курил аралдарын Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы эки өлкө аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Аралдардын макамы келишимдин кабыл алынышын артка жылдырып келет.
21-январда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия дагы, Жапония дагы өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынан баш тартпай турганын, мындан улам сүйлөшүүлөр «бир топ убакытка созулуп кетиши мүмкүндүгүн» билдирген.
Жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга бүгүн Синдзо Абэ «конструктивдүү диалогду» күтүп жатканын жана «тынчтык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн өтүшүнө болушунча аракет кыларын» билдирди.
Өткөн жумада Орусиянын бир нече шаарларында Курил аралдарынын айрымдарынын Жапонияга берилишине каршы бир нече нааразылык акциялар өткөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









