KELECHEK
rek

Германияны тажик качкындарынын саясий көз караштары кызыктырбайт

Германияны тажик качкындарынын саясий көз караштары кызыктырбайт

Найтхарт Хёфер-Виссинг, Германиянын Тажикстандагы элчиси

Германиянын Тажикстандагы элчиси Найтхарт Хёфер-Виссинг Германияда жүргөн тажик оппозиционерлерин экстрадициялоо маселесин бир нече жолу көтөргөнүн билдирди.

Германияда “Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы”, “Группа 24” кыймылынын тарапташтары көп. Бул өлкө Душанбенин саясатына каршы чыккан көптөгөн окумуштуулар менен журналисттерге да башпаанек берген.

«Биз ал кишилердин кылмыш жасаганы тууралуу далилдер болсо, бергиле дедик. Биз текшеребиз, анан чечим кабыл алабыз. Германияда кайсы бир кишинин күнөөсүн сот гана аныктайт», - деди немис дипломаты.

Найтхарт Хёфер-Виссинг Германияны качкындардын саясий көз карашы кызыктырбай турганын, алар жергиликтүү мыйзамдарды бузса гана кармаларын белгиледи.

Былтыр августта Германия бийлиги диний партиянын мүчөсү Мухаммадсиддик Файзрахмоновду Тажикстанга кайтарып жибере жаздаган. Der Spiegel басылмасы билдиргендей, оппозиционерди экстрадициялоо немис Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсү менен токтотулган. Миграция жана качкындар иштери боюнча федералдык мекеме Файзрахмоновдун ишин кайра карап чыгат.

2015-жылы Душанбе “Тажикстан кайра жаралуу партиясын” террористтик уюм катары тааныгандан кийин Европа өлкөлөрүнөн башпаанек сурагандардын саны көбөйгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52