Депутат кайталанма жооптору үчүн премьер-министрди сынга алды
Өкмөт былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын алдында отчет берди.
Талкуунун жүрүшүндө «Бир бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кайталанма жооптору үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди сынга алды.
«Мухаммедкалый Дүйшекеевич, кайра эле «кылыш керек», «кылыш керек». Качан? Качан кыласыңар?», - деп нааразы болду Сулайманов.
Өкмөт башчы «биз азыр кылып жатабыз да» деп жооп бере баштаганда депутат анын сөзүн бөлдү:
«Эч нерсе байкалбайт. Ички дүң өнүмдүн 3,5% өсүшү – бул ийгилик эмес. Экономиканын 60-70% көмүскөдө. Эгер схемаларга каршы чыныгы күрөш жүргүзүп, салык, бажы жана башка тармактардагы схемаларды жойсо, анда ички дүң өнүмдү кыйла тез өстүрүп, 3,5% эмес, 30% жеткирсе болот. Болгону көмүскөдөн чыгаруу керек», - деди Сулайманов.
«Мен сиз менен макулмун. Кеп ага кандай жол менен жетүүдө. Бул боюнча биздин көз карашыбыз туура келүүдө», - деп жооп берди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.
120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









