Өзбекстан менен Казакстан соода жүгүртүү көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барар алдында Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигине (УзА) маек курду. Токаев эки өлкө ортосундагы мамиленин азыркы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу айтып берди.
Токаев “мамлекеттер арасындагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө” Нурсултан Назарбаев менен Шавкат Мирзиёевдин өзгөчө ролун баса белгиледи. Аны менен катар эки өлкө алдындагы маанилүү тапшырмаларды атап өттү.
"Азыркы кездеги башкы милдет – соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, чек ара кызматташтыгын тереңдетүү. Бул тармактарда эки өлкөнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Эки өлкөнүн өкмөттөрү 2020-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөшүүдө", – деген Токаев.
Казакстан президентинин Өзбекстандагы мамлекеттик сапары 14-апрелде башталды. Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунан кийин маанилүү документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Сапар алкагында соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык маселелерден тышкары транзиттик-транспорттук кызматташуу жагдайлары да талкууланат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









