Орусия НАТО менен кызматташууну толугу менен токтотту
Орусия ТИМинин башчысынын орун басары Александр Грушко 15-апрелде өлкө НАТО менен жарандык жана аскердик линиядагы кызматташууну толук токтотконун билдирди. Аскердик багыт боюнча байланыштардын үзүлүшүнө ал толугу менен альянстын өкүлдөрүн күнөөлөдү.
" НАТО Орусия менен мамилесинде позитивдүү күн тартибинен өзү баш тартты. Ал жок. НАТО бул туңгуюктан кантип чыгарын билбейт", – деди дипломат.
Грушко НАТО өлкөлөрүнүн аскердик чыгымдары былтыр триллион доллардан ашканын, бул Орусиянын коргоо чыгымдарынан 22 эсеге көп экенин белгиледи. Ошол эле маалда ал Москва аскер бюджетин көбөйтүү боюнча жарышка катышпай турганын, “үнөмдүү, так жана эффективдүү каражаттарга” басым жасарын айтты.
"НАТО менен куралдуу жаңжалга баруу маселесине келгенде, туура ойлонгондордун баары буга жетпейт деп үмүттөнүүдө. Бул бардык адамзат үчүн катастрофа болмок. Муну Вашингтон да, Брюссель да түшүнүп турат деп ишенем", – деп кошумчалады Грушко.
Буга чейин НАТОнун өкүлдөрү Орусияны “агрессивдүү” саясат жүргүзүүдөн баш тартууга үндөшкөн.
Аскердик альянс Орусиядан орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимге кайтып келүүнү, Керч кысыгында кармалган украин моряктарын бошотууну, Донбасста малайзиялык “Боинг” учагынын атып түшүрүлүшүнө күнөөлүү экенин моюнга алууну жана Донбасс боюнча Минск келишимин сактоону талап кылууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









