Мирзиёев менен Токаев чогуу билдирүү жасашты
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкенттеги эки күндүк мамлекеттик сапары уланууда. Бул визиттин жүрүшүндө Казакстан менен Өзбекстан президенттери чогуу билдирүү жасашты.
Казакстан президенти эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелердин сапатын жана мазмунун жогору баалады. Касым-Жомарт Токаев мурдагы президенттин жолун улап, казак-өзбек кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө аракет жасай турганын кошумчалады.
Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев Касым-Жомарт Токаевди президенттик кызматка кириши менен куттуктады. Ал боордоштук ымала түзүүдөгү Назарбаевдин ролун баса белгиледи. “Биз үчүн Казакстан – жакынкы кошуна, стратегиялык өнөктөш. Бизди кызматташтыктын бардык багыттарындагы оң динамикалар кубандырат”, – деди Мирзиёев.
Тараптар чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү эл аралык коркунучтарга, өзгөчө терроризм, диний экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз миграцияга каршы чогуу күрөшүүгө макулдашты.
Казакстан президентинин Ташкентеги расмий сапары уланууда. Эки мамлекеттин башчылары Өзбекстандагы Казакстан жылынын ачылыш аземине катышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









