Францияда жалпы улуттук каражат жыйноо жараяны жарыяланды
Франция президенти Эммануэль Макрон Нотр-Дам чиркөөсүн калыбына келтирүү үчүн жалпы улуттук акча каражатын топтоо жараянын жарыялады.
Ал арада француз бизнесмен Франсуа-Анри Пинонун үй-бүлөсү 100 миллион евро которууну убада кылды. Ал эми франциялык «Louis Vuitton» компаниясы жана анын президенти Бернар Арно үй-бүлөсү менен чиркөөнү оңдоп-түзөөгө 200 миллион евро бере турганын кабарлады.
Француз саясий партиялары, анын ичиде оңчул “Республикачылар” борбордук-оңчул “Демократтар жана көз карандысыздар бирикмеси” (UDI) Макронду жалпы улуттук каражат чогултуу жараянын жарыялоого үндөшкөн. Алардын өкүлдөрү Париждеги ири чиркөөнүн өрттөнүшү француздарды бириктирген трагедия экенин айтышууда. Франция тарыхында жалпы улуттук каражат чогултуу жараяны өзгөчө чукул кырдаалдарда, анын ичинде Биринчи дүйнөлүк согуш маалында жарыяланган.
Француз басылмалары Нотр-Дам-де-Паринин интерьери жана маданий мурастарынын басымдуу бөлүгү сакталып калганын кабарлашууда. XIII кылымга таандык үч көркөм айнектин тагдыры белгисиз. Айнектер сынган эмес, бирок өрттөн капкара болуп калган, аларды тазалоого мүмкүнбү-жокпу айтыла элек.
850 жылдык тарыхы бар Париждин Нотр-Дам чиркөөнүн кыл чокусу жана чатыры 15-апрелдин кечинде башталган өрттөн урап түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн чиркөөнүн чокусун өчүрүү аракеттеринен майнап чыккан эмес. Имараттын бийиктиги 35 метр болсо, анын мунарасы 69 метрге жеткендиктен, өрт өчүрүүчүлөрдүн техникасы чиркөөнүн чокусуна жеткен жок. Кырсыкты жоюуга 500дөй адам тартылган. Өрттү тик учактар менен асмандан суу чачып өчүрүү боюнча чечимден имарат толук кыйрап калышы мүмкүн деген себептен улам баш тартышкан.
Францияда өрт боюнча тергөө ишинде чиркөөгө атайлап өрт коюлганы тууралуу далилдер жок. Бул тууралуу 16-апрелде Париждин прокурору Реми Хейц билдирди. Анын айтымында, өрт кокустан тутанган болушу мүмкүн деген версия каралууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









