Владимир Зеленский «Азаттыктын» украин кызматына спортзалда интервью берди
Украинанын президенти Владимир Зеленский «Азаттык» радиосунун украин кызматына спортзалда интервью берди.
Анда мамлекет башчы өлкөнүн НАТО менен Европа биримдигине кирүү пландары, ыктымал дефолт тууралуу маалыматтар, парламент менен болгон пикир келишпестиги, Донбасстагы абал жана учурдагы министрлерге карата мамилеси жөнүндөгү суроолорго жооп берди.
Өз сөзүндө Зеленский Украина НАТО менен Европа биримдигине багыт алганын ырастады. «Биздин өлкө көз каранды эмес, бул биздин тандоо. Бийлик ар бир украин жаранына НАТОнун эмне экендигин жана анын коркунучсуз экенин түшүндүрүшү керек. Украиндиктер даяр болгондо, биз бул маселени сөзсүз референдумга алып чыгабыз», — деди президент.
Брюсселге сапары жөнүндө айткан Зеленский анда Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолукканын билдирди. «Ал боорукер, маңдайы жарык адам экен. Мага Украина дайыма анын жеке колдоосуна ишенсе болорун айтты», — деди мамлекет башчы.
Учурда өлкөдөгү «экономикалык кырдаал оор» экенин белгилеген Зеленский бирок дефолт болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтарды четке какты. Президенттин айтымында, Брюсселге болгон сапарында башка маселелер менен катар эле Европа биримдиги тарабынан Украинага микрокаржылык жардам көрсөтүү мүмкүндүктөрү дагы талкууланган.
Өкмөттөгү ыктымал кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу берилген суроого Зеленский азырынча учурдагы министрлер менен жакындан тааныш эмес экенин айтып, бирок алардын арасында «адискөйлөр» бар экенине ишене турганын белгиледи.
Михаил Саакашвилинин Украинага кайтып келиши тууралуу айткан президент аны менен эч кандай биргелешкен саясий пландары жок экенин билдирди. «Мен маалымат каражаттарына анын паспорту мыйзамсыз алынган деп ойлой турганымды айткам. Ошондуктан мен ага паспортун кайтарып бердим. Болгону ошол», — деди Зеленский.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04









