Мирзиёевдин уулу, күйөө балдары жана небереси Дубай эмиринин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө катышты
Өзбекстан президентинин 10 жаштагы уулу Алишер Мирзиёев, эки күйөө баласы – Ойбек Турсунов менен Отабек Умаров жана небереси Миромон Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти жана премьер-министри, Дубайдын эмири Мухаммед бин Рашид аль-Мактум шейхтин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө катышышты.
Той 6-июнда өткөн.
Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров үйлөнүү үлпөттөгү сүрөттөрүн «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялаган.
Өзбекстан лидеринин тун күйөө баласы Ойбек Турсунов президент администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Отабек Умаров – президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары.
Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлө мүчөлөрү Дубай эмиринин уулдарынын үйлөнүү үлпөтүнө өзбек өкмөтүнүн атынан же жеке чакыруу менен барганы белгисиз.
Дубай эмири Орозо Айт майрамында дароо үч уулун үйлөнткөн.
Өзбекстандын башкаруучу элитасы мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунан бери эле Дубай эмири менен тыгыз байланышта болуп келген.
Дубайдын кыймылсыз мүлктөрдү каттоо тизмесиндеги маалыматтарга караганда, Өзбекстандын мурдагы жана азыркы жетекчилеринин ал жакта турак-жайлары, компаниялары жана банктарда эсептери бар.
Маркум Ислам Каримовдун бийлиги тушунда оор экономикалык кылмыштарга айыпталган ири ишкерлер дагы Дубайдан башпаанек алышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04









