WSJ: Ким Чен Ындын өлтүрүлгөн агасы ЦРУга маалымат берип турган болушу мүмкүн
Ким Чен Нам
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Малайзияда өлтүрүлгөн аталаш агасы Ким Чен Нам АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгына (ЦРУ) маалыматтарды берип турган болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити өз булактарына таянып жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Ким Чен Ындын агасы ЦРУнун тыңчылары менен бир нече жолу жолуккан.
АКШ өкмөтүндөгү булактар көптөгөн жылдар бою өлкө сыртында жашаган Ким Чен Нам Түндүк Кореяда баалуу маалыматтарга жете тургандай таасирге ээ эмес болгонун билдирүүдө. Ошол эле маалда анын Кытайдын атайын кызматтары менен байланышы болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Азырынча бул маалыматты башка бир дагы ЖМКдан ырастоого мүмкүн болгон жок.
Ким Чен Нам 2017-жылы февралда Куала-Лумпур аэропортунда өлтүрүлгөн. Анын бетине нервди шал кылуучу уу себилген жүз аарчы ыргытып кетишкен. Бул кылмышка айыпталган эки аял соттолгон. Адвокат алар алданып калганын, реалити шоуго катышып жатабыз деп ойлошконун билдирген. Кийин соттолуучулар эркиндикке чыгарылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04









