KELECHEK
rek

Азия саммити өткөн күндөрү Душанбедеги окуу жайлар жана негизги көчөлөр жабык болот

Азия саммити өткөн күндөрү Душанбедеги окуу жайлар жана негизги көчөлөр жабык болот

Душанбеде өтө турган Азия лидерлеринин саммитине байланыштуу 14-15-июнь күндөрү шаардын негизги көчөлөрү, соода борборлору жана базарлары жабык болот.

Борбордогу «Садбарг» соода комплексинде иштеген Далер аттуу сатуучу ага бул күндөрү жумушка чыкпоо тууралуу билдирүү келгенин айтты. «Бизге Душанбеге бир нече өлкөнүн президенттери келе турганын, мындан улам соода жайлары жабык болорун эскертишти», — деди ал.

Мындан тышкары учурда сынактар өтүп жаткан шаардагы бардык окуу жайлар эки күнгө жабылат. Укук коргоо органдары аймактын жашоочуларына саммит өткөн күндөрү Душанбеге келбей турууну сунушташты. Шаардык ички иштер башкармалыгы Душанбенин негизги көчөлөрү жана Душанбе-Хожент автоунаа жолунун Варзоб капчыгайындагы бөлүгү жабык болорун билдирип, жарандарга коомдук транспортто жүрүү кеңешин берди.

Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мамлекет башчыларынын бешинчи саммитине Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын, Бангладештин жана Шри-Ланканын президенттери, ошондой эле Ооганстандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла катышат. Мындан тышкары дагы 15 өлкөнүн премьер-министрлери, вице-премьерлери жана тышкы иштер министрлери келет деп күтүлүүдө.

Тажик парламентинин депутаты Абдухалим Гаффоровдун айтымында, саммитте Азия өлкөлөрүнүн лидерлери чөлкөмдөгү маселелерди талкуулашат.

Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мамлекет башчыларынын бешинчи саммити Душанбеде 14-15-июнь күндөрү өтөт. Бул эл аралык форум Азиядагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Ага Азиянын жалпы аянтынын 90 пайызга жакынын ээлеген 27 өлкө кирет. Мындан тышкары анда дагы сегиз мамлекет менен беш эл аралык уюм, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму байкоочу макамына ээ.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52