Зеленский тышкы чалгындоо жетекчилигине "Батькивщинанын" депутатын дайындады
Украина президенти Владимир Зеленский Тышкы чалгындоо кызматынын жаңы жетекчисин дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул орунга "Батькивщина" партиясынан депутат Владислав Бухарев дайындалды.
2014-жылы Украинада бийлик алмашкандан кийин Владислав Бухарев Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары болгон. Ушул эле жылы ал Юлия Тимошенконун "Батькивщина" партиясынан депутат болуп шайлангандан кийин кызматын тапшырган.
Украин ММКлары билдиргендей, Бухарев Орусия Федералдык коопсуздук кызматынан “Күжүрмөн шериктештик үчүн” медалын алган. Украин саясатчысы Латын Америка өлкөлөрүнөн Европага ири маңзат партиясынын жөнөтүлүшүнүн алдын алууга жардам бергени үчүн сыйлыкка татыганын айткан.
Владимир Зеленский 11-июнда бир катар мекемелердин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилерин дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Облустардын 15 губернатору алмаштырылды, Украина Коопсуздук кызматынын эки орун басары жумуштан бошотулду. Зеленский Жогорку рададан башкы прокурор Юрий Луценкону отставкага кетирүүнү сурады.
Украинанын Конституциялык соту 11-июнда президент Владимир Зеленскийдин украин парламентин таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу жарлыгынын мыйзамдуулугун карай баштады. Сотко Жогорку Раданын 62 депутаты кайрылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









