KELECHEK
rek

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду

«Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду», — деп баса белгиледи Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамдагы жолугушууда.

КЭР Төрагасы мамлекеттик визит менен меймандос жана дос Кыргызстанга дагы бир жолу келгенине кубанычта экенин өзгөчө баса белгиледи.  Си Цзиньпин кытай элинин атынан боордош кыргыз элине салам жана жакшы каалоолорду жолдоду.

Ал Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенден кийин өлкө экономикасын өнүктүрүү, социалдык туруктуулукту сактоо, коррупция менен күрөшүү, элдин бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча бир катар чаралар кабыл алынганын баса белгиледи.

«Сиздин ийгиликтериңиз көрүнүп турат. Кең пейил коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары биз Кыргызстан үчүн кубанычтабыз. Биргелешкен аракеттер менен кыргыз-кытай мамилелери абдан өнүктү, жаңы типтеги мамлекеттер аралык мамилелердин үлгүсүн орноттук», — деп белгиледи КЭР Төрагасы.

Си Цзиньпин эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

«Мамлекеттик визиттин алкагында көп пландуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү пландап, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярмын», — деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52