Москвада жүрүшкө чыккан 500дөн ашык киши кармалды
12-июнда Москвада маңзат таратууга айыпталып жаткан “Медузанын” журналисти Иван Голуновду колдогон жүрүш өттү. Ага бир нече миң киши катышты.
"ОВД-Инфо" басылмасы жүрүш учурунда кеминде 513 киши кармалганын жазды. Алардын баары полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Кармалгандардын жетөө митинг жөнүнө мыйзамдарды бузууга айыпталууда. Активисттер 15 суткага чейин камалышы мүмкүн.
Акция катышуучуларын кууп таратуу учурунда полиция резинка союлдарды, суу чача турган машиналарды колдонгон. Кармалган үч кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү. Акция катышуучуларынын бирине ал “Иван Голунов” деп кыйкырганы үчүн протокол толтурулду. Полиция кызматкерлери муну өкмөткө каршы ураан деп атады.
Кармалгандардын арасында “Свобода” радиосу, "МБХ медиа", "Новая газета", "Коммерсант", "Дождь", Reuters жана The Village массалык маалымат каражаттарынын журналисттери бар. Алардын көбү бошотулган. Бирок Илья Азар, Елизавета Нестерова жана Евгений Берг полиция бөлүмүндө кечке чейин болду. Аларга жүрүштүн демилгечилери катары протокол толтурулду.
12-июнь күнү кечинде Орусия ИИМи полиция бөлүмүндө төрт киши калганын, калгандар бошотулганын кабарлады.
Жүрүш учурунда Коррупция менен күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный жана фонддун менеджери Руслан Шаведдинов кармалды. Оппозиционерге митингдер жөнүндө мыйзамды кайталап бузуу боюнча административдик иш козголду. Саясатчы 30 суткага чейин камалышы мүмкүн.
”Медуза” басылмасынын журналисти Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланыштуу шектелип кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.
Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин кийинки убакта иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат. Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак. Голунов кармалары менен Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында журналистти колдогон акциялар өттү. Жыйынтыгында ишемби күнү Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына чыгарган. Бирок 11-июнда Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04









