Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусиядан компромат алууга даяр
АКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусия же башка өлкөдөн алынган компроматтарды колдонууну уяттуу иш деп эсептебейт. Бул тууралуу ал шаршемби күнү ABC News телеканалына берген интервьюсунда билдирди.
«Бул биздин саясий жараянга кийлигишүү эмес, саясий күрөштөгү кадыресе жүрүш. Эгер мага ушундай материалдарды беришсе, анда алар мени алдаганга аракет кылып жатканын сезсем гана ФБРге кайрылам», — деди Трамп.
The New York Times басылмасы белгилегендей, Трамптын бул пикири 2020-жылкы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген демократтардын жана ФБРдин жетекчиси Кристофер Кэйдин көз караштарына каршы келет. Кэй мындай учурларда саясатчылар укук коргоо органдарына телефон чалуулары керектигин билдирген.
«Буга менин намысым жол бербейт. Эгер силерге зыян боло турган сунушту уксаңар, анда ал адам менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгула. ФБРдин директорунун укук коргоо органдарына телефон чалуу сунушу туура эмес», — деди президент.
Буга чейин Трамптын улуу баласы 2016-жылы Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонго каршы компромат берүүнү убадалаган орусиялык юрист Наталья Весельницкая менен болгон жолугушуусу боюнча конгрессмендердин суроолоруна жооп берген. Анда ал жыйынтыгында Весельницкаяда андай маалыматтар жок болуп чыкканын айткан.
Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча эки жылга жакын иликтөө жүргүзгөн атайын прокурор Роберт Мюллер Москва Трамптын штабынын пайдасы үчүн натыйжалуу аракеттерди көргөнүн, бирок алардын ортосунда эч кандай көмүскө бүтүм болбогонун билдирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04









