Үсөнбаев: коронавирустан каза болгон жигит өз алдынча дарыланып жүрө берген
Коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдын сөөгүн чыгаруу учуру. Ооганстан. 7-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингде билдиргенине караганда, 17-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан 36 жаштагы жигит коронавирус жугузуп алгандан кийин каза тапты. Ал Жалал-Абадга тажыяга катышуу үчүн 11-июнда Бишкектен барганы белгилүү болду.
“Ал жактан абалы начарлап, Жалал-Абад шаардык ооруканасына кайрылган. Ал жерде стационарда жаткан, жандандыруу бөлүмүндө да дарылоо аракеттеринен натыйжа бербей, үзүлүп кетти. Анын эки өпкөсү тең кагынып (пневмония) калганы ренгтенден аныкталды”.
Үсөнбаевдин маалыматы боюнча маркум ооруну Бишкектен жугузуп алган, бирок өз алдынча дарыланып жүрө берген.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушуну менен коронавирустун кесепетинен улам 50 жашка жетпей каза болгон экинчи адам катталды. Бир жарым жума мурда Ош шаарында 34 жаштагы келин коронавирус жуккандан кийин каза тапканы расмий кабарланган.
Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза болгондордун саны 30га жетти.
COVD-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, 16-июнда кан рагы менен ооруп жүргөн аял коронавирус жуктуруп алгандан кийин оорусу күчөп, кайтыш болгон. Ал өз оорусунан көз жумганы менен коронавирустун кесепетинен өлгөн деп саналып, COVID-19 илдетинен көз жумгандардын катарына кошулган.
"Азаттык" үналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38









