KELECHEK
rek

МАНАС ШААРЫ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ТУРИСТТИК БОРБОРУ СТАТУСУН АНКАРА ШААРЫНА ӨТКӨРҮП БЕРДИ

МАНАС ШААРЫ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ТУРИСТТИК БОРБОРУ СТАТУСУН АНКАРА ШААРЫНА ӨТКӨРҮП БЕРДИ

Манас шаарында Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору статусун Манас шаарынан Анкара шаарына өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аземге Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгили баштаган Түркия Республикасынан келген расмий делегация, ошондой эле билим берүү мекемелеринин студенттери катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө эки боордош элдин тарыхый достугун, маданий жана руханий байланыштарын даңазалаган сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, кыргыз жана түрк элдеринин чыгармалары жаңырды.

Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков өз сөзүндө Анкара шаары менен достук мамиле түзүүгө ниет бар экенин белгилеп, эки шаардын кызматташтыгы туризм, маданият, билим берүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу багыттарында өз ара пайдалуу, узак мөөнөттүү өнөктөштүккө кеңири жол ача тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгили көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Манас шаарынын жетекчилигин Анкара шаарына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.


Иш-чаранын негизги бөлүгүндө Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору статусу Манас шаарынан Анкара шаарына расмий түрдө өткөрүлүп берилип, тиешелүү символикалык ачкыч Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тарабынан Анкара губернаторунун орун басары Иззеттин Севгилиге тапшырылды.

Белгилей кетсек, Манас шаары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Түрк мамлекеттер уюму тарабынан колдоого алынып, 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланган.

Булак: Манас шаарынын мэриясынын Маалымат борбору

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12