KELECHEK
rek

“КӨК-АРТ ИНФО” МААЛЫМАТ БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

“КӨК-АРТ ИНФО” МААЛЫМАТ БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

Кыргыз улуттук “Кабар” агенттигинин  Жалал-Абаддагы маалымат борбору 2014-жылы КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында ачылып, эки жылда ар кандай темада бир топ маалымат жыйындар өткөрүлдү. Аталган агенттиктин реформалоосуна байланыштуу, 2016-жылдын 1-январынан баштап Жалал-Абаддагы маалымат борбору да өз ишин токтотууга туура келди.

Жалал-Абад облусундагы ММКлардын иштөсүнө жана аларга маалымат борборунун зарылдыгына байланыштуу, 2016-жылдын 21-январында облустук деңгээлдеги “Көк-Арт инфо” маалымат борборун ачууга туура келди. Бул маалымат борбордун ишин жандандыруу үчүн анын “kogart.kg” сайты түзүлүп, ал 2016-жылдын май айынан баштап өз ишин баштады.

“Көк-Арт инфо” маалымат борбору менен “KOGART.KG” сайтынын негиздөөчүсү журналистика тармагында 20 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан, бир нече сыйлыктардын ээси, көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү Жаңыбаева Анархан Маматкасымовна.