KELECHEK
rek

Сузактагы 1990-1994-жылдары жүргөн жер көчкү дагы активдешип, учурда 16 үйгө кооптуулук жаратууда

Сузак районунда 2016-жылдын 3-январында алдын ала алынган маалымат боюнча, Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жангак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга кооптуулукту жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40млн. м3 түзөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жер көчкү 1 турак-жайга 15 метр  жана 15 турак-жайга 350 метр калган. Бул жер көчкү 1990-жылдары пайда болгон, 1994-жылдары жер көчкү жылып, натыйжада 6 турак-үй жабыркап, 16 турак-жайга кооптулук жаралган. Жергиликтүү бийлик тарабынан  турак-үй ээлерин коопсуз жерге көчүрүү боюнча чечим кабыл алынып, турак-жай куруу үчүн, жер тилкелери бөлүнүп берилип, мамлекеттик жеңилдетилген ссудалар берилген. Бирок азыркы учурда жашоочулар жашап жатышат.