KELECHEK
rek

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин 25 жылдыгы белгиленди

Жалал-Абаддагы Эл аралык университеттин түптөлгөнүнүн 25 жылдыгы белгиленип, окуу жайынын негиздөөчүсү, биринчи ректору жана президенти, илимдин доктору жана профессор, 70 жылдыгы белгиленип жаткан Токтомаматов Кантөрө Шариповичтин ысымы ыйгарылды. Мындан ары окуу жайы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет деп аталат.

Бул маанилүү окуяга байланыштуу 12-майда аталган окуу жайына Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, ар кайсы министрликтер менен ведомстволордун, Жалал-Абад облусунун жана район-шаарларынын, өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулар, чет элдик коноктор, К.Ш.Токтомаматовдун үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары, окуучулары менен шакирттери, коомчулуктун өкүлдөрү келишти.