KELECHEK
rek

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак өттү

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш инспектору” деп аталган район жана шаарлардын арасында облустук финалдык кароо-сынак болуп өттү.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, аталган кароо-сынакты Жалал-Абад ОИИБнын жол кайгуул күзөт кызматы, билим берүү бөлүмү жана облустук балдар чыгармачылык үйү биргеликте уюштурушту.