KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында муктаждарга азык-түлүк таратылды

Жалал-Абад шаарындагы Спутник, Достук, Чыңгыз Айтматов аймактык башкармалыгынын аз камсыз болгон, азык-түлүк жагынан кыйналган жашоочуларына жеке шаардык мэрия жана жеке демөөрчүлөр тарабынан ун жана азык-түлүк таратылды.

Мында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да иш алып барып, чыныгы муктаж болгон жарандарга жеткиликтүүлүгүн көзөмөлгө алышты. Анда жалпы 500 үй-бүлөгө жардам берилди.

Учурдагы кырдаалда кайдыгер карабай, жардам колун сунгандарга Жалал-Абад шаарынын мэриясы ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин да калаадагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз бой жарандарга өкмөт жергиликтүү бийлик жана жеке жарандар тарабынан азык-түлүк жактан көмөк көрсөтүлүп келүүдө.