KELECHEK
rek

Жалал-Абадда 7-Апрель - Элдик революциянын 12 жылдыгы белгиленди.

Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 7-Апрель Элдик революциянын 12 жылдыгы белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомчулук катышышты.

Алгач митинг-реквиемге келгендер 2010-жылы 7-Апрелде бийликтин колунан каза болгондордун элестерине гүл чамбарларды коюшту. Андан кийин, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Элдик революиянын маани маңызы боюнча сөз сүйлөштү. Акырында 2010-жылы 7-Апрелде бийликтин колунан каза болгондордун арбактарына багышталып куран окулду.