KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын өкүлдөрү “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалында көчмөн элдеринин кийимдерин көрсөтүшөт

Жалал-Абад шаарынын өкүлдөрү “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалында көчмөн элдеринин кийимдерин көрсөтүшөт

Быйыл сентябрь айында өтүүчү II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” этномаданият фестивалында Жалал-Абад шаарынын өкүлдөрү көчмөн элдеринин кийимдерин көрсөтүшмөкчү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, этномаданият фестивалы учурунда бир нече боз үйлөр тигилип, көчмөн элинин маданиятын көрсөткөн көчмөн элинин кийимдери, ушуга байланышкан этникалык маданияты көрсөтүлмөкчү. Ал эми шаар бийликтери тарабынан бул иш-чарага үчүн жергиликтүү бюджеттен 321 миң 500 сом бөлүнүп берилди.

- Кийим кийүү маданияты – көчмөн элдеринин жалпы маданиятынын бир бөлүгү. Ошондуктан биз этномаданият фестивалында көчмөндөрдүн ушул өзгөчөлүгүн көрсөтүүнү максат кылдык. Менимче, этномаданият фестивалынын көрүүчүлөрү үчүн бул абдан кызыктуу болот деп ойлойбуз, - дейт шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев.

Бүгүнкү күндө шаардын маданият кызматкерлери фестивалга катышуу менен жакшы баага татыктуу программаны даярдоо үчүн кызуу камылга көрүп жатышат.     

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29