KELECHEK
rek

Жизакта өздөрү казган чуңкурга топурак урап эки жумушчу каза болду

Жизакта өздөрү казган чуңкурга топурак урап эки жумушчу каза болду

Жизак облусунда канализация оңдоо иштерин өткөрүп жаткан эки жумушчу топурак астында калып каза болушту. Жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылып берген эмес деп айыпталып жаткан «Файз» коммуналдык курулуш ишканасынын жетекчилиги жоопко тартылды.

9-августта Жизак шаарындагы «Алмазар» маалесинде чуңкур казып жаткан эки жумушчуну топурак басып калып, экөө тең ошол жерде мерт кеткен. Куткаруучулар 5 метр тереңдиктеги ордон эки кишинин жансыз денесин алып чыгышкан.

Окуяга күбө болгондор «Азаттыктын» өзбек кызматына жалданган адамдар техникалык коопсуздук эрежелери тууралуу эч нерсе билбеген «Файз» коммуналдык курулуш ишканасынын тажрыйбасыз жумушчулары болушканын билдиришти.

– Чуңкурду эч кандай техникалык коопсуздук чараларын сактабастан казышкан. Жыйынтыгында анын капталдары урап, эки жумушчуну топурак басып калган, – деди Жизактын жашоочуларынын бири.

Учурда Жизактын Ички иштер башкармалыгы эки жумушчунун өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...