KELECHEK
rek

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн чемпиону” аталды

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн чемпиону” аталды

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад Динамо командасы “Кыргызстандын Кубогу - 2016” мелдешинде утуп, “Өлкөнүн чемпиону” аталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, кубок үчүн командалар 2 тайпага бөлүнүп таймашты. Ал эми 4-5-май күндөрү тайпалык оюндар орун алса, жарым финал жана финал 6-майда өткөрүлдү. "А" тайпасында: "Химик" (Сузак), SRT (Ош), "Динамо" (Жалал-Абад), “В” тайпасында: “Баткен сити" (Бишкек) "Талас-Наше" (Талас), "Баткен"-СОБР (Баткен) командалары ойношту.

Кыргызстандын кубогуна република боюнча региондордон 6 команда катышып, мелдеш Жалал-Абад шаарында 3 күнгө созулду.

Акыркы оюндун жүрүшүндө SRT Ош жана Жалал-Абад Динамо командасы 1-орунга ат салышып, 1:2 эсебинде Жалал-Абад Динамо футболдук командасы жеңишке жетишип, 1-орунду ээлеп “Кыргызстандын Кубогуна” ээ болушту. Ал эми Ош SRT 2-орунду, “Талас-Наше” жана Баткен СОБР 3-орунду камсыздашты.

Кыргызстан  футзал  лигасынын  президенти Рыскелди  Мусаевдин билдиришинче, футзал  боюнча  мелдештердин  максаты,  жер-жерлерде футбол  оюнун  көрсөтүп  жаштарды  спортко  чакырып,  командалар  арасынан  мыктыларын  тандап,  жети  дубандан   Кыргызстандын  курама  командасын   курап,   дүйнөлүк  аренага  чыгаруу  болуп саналат . Ошондой эле, спортко кошкон зор салымы үчүн Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Джоробековго да Ардак грамота берилип, футзал лигасынын президенти тарабынан сыйланды.

Кыргызстандын кубогунда: “Мыкты  дарбазачы”  - Ермолов  Кирилл-Динамо Жалал-Абад, “Мыкты  оюнчу”-  Гафуров  Руслан- SRTОш, “Мыкты  бомбардир” - Алимов  Максат- Динамо Жалал-Абаддын спортчулары табылды.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-09  01:23