KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону наамын жана  алтын, коло медалдардын ээси болуп кайткан жаш спортчуларды шаар бийлиги жана коомчулугу салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев жана депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков жаш спортчуларды жеңиши менен куттукташты.

 - Биздин спортчуларыбыз чоң сыймыкка ээ болушуп, мамлекетибиздин күчтүүлүгүн, бекемдигин, ынтымагын көргөзүп олтурушат. Балдардын бул ийгиликке жетишине чоң аракеттерди жумшап, күчүнө-күч, демине-дем берген машыктыруучулары болуп эсептелет. Биз бул ийгиликтерди жөн эле көз алдыбыздан өткөрүп жибербестен, буларга сөзсүз моралдык, материалдык жактан колдоолорду көрсөтөбүз. Биздин уучубуз куру эмес. Мындай азаматтардын саны дагы да көбөйөт деген ишеничтебиз. Ал эми жаш спортчуларга ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым Кыргызстандын желегин желбиретип жүрө беришсин, - деди Т.Темирбаев.

Ал эми депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрнисбек Ормоков дүйнө чемпиону Калы Сулаймановго жана алтын, коло медалдын ээлерине шаардык кеңеш сессияда карап чыгып, шаар бюджетинен  акча бөлүп берээрин айтты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп...

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-09  01:23