KELECHEK
rek

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны кармалды

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны кармалды

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы жараны А.Э. кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы ббилдирди.

Алынган маалыматка караганда,  2016-жылдын февраль айында  Шамалды-Сай шаарынын тургуну Х.Анын саат 05:00 чамасында уктап жаткан бөлмөсүнө белгисиз кылмышкерлер кирип, 2 даана уюлдук кол телефондорун уурдап качып кеткен. Уурулук жөнүндө Шамалды-Сай айылынын тургуну Х.А арыз менен кайрылган.  Бул факт боюнча  кылымыш иликтөө тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө мөнөтүнө айыпкерди аныктоого мүмкүнчүлүк болбой Кыргыз Республикасынын Жаза процессуалдык кодексинин 221-берене  менен өндүрүштөн токтотулган.

Ошондой эле, 2016-жылдын май айында Шамалды-Сай шаарчасындагы маданият үйүнүн жанында А.Г айымга тиешелүү болгон “ХОНДА-СТЕПВАГОН” үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы  айнектерин, белгисиз кылымышкерлер талкалап сыдырып олуттуу зыян келтирип, окуя болгон жерден качып кетишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө мөнөтүнө айыпкерди аныктоого мүмкүнчүлүк болбой ЖПКнын 221-берененин негизинде өндүрүштөн токтотулуп турган.

Өндүрүштөн токтотулуп турган кылмыш иши боюнча ыкчам иш аракеттер жүргүзүлүп, кылмышкерлерди аныктоо максатында Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган 24 жаштагы А.Э. экендиги аныкталып, 2016-жылдын 16-сентябрында кылмыш иштер өндүрүштөн жандандырылып, А.Эге карата айыптары угузулуп, 18-сентябрда бөгөт коюу чарасы боюнча  Таш-Көмүр шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алуу түрүү колдонулуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөнү турат.

Айыпкер А.Э. Аксы районунун тургуну, үй-бүлөсү жок, эч жерде иштебейт. Мурда бир нече жолу мал уруулук кылмышы менен соттолгон, туруктуу жашаган жери жок.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...