KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана маданият темасы кеңири үйрөтүлүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана маданият темасы кеңири үйрөтүлүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана окуучулары  Тарых жана маданият жылына карата аткарылуучу бир топ иштерди белгилешип, анын ишке ашырылышын камсыз кылышууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Аталган мектептин башталгач классынын мугалими Акылай  Исмаилованын айтымында, быйылкы жыл Тарых жана маданият жылы деп белгилеген себептүү окуучуларга тарыхты жана маданиятты кеңири үйрөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Бул багытта аталган  мектепте бир топ маданий иш-чаралар өткөрүлдү.

“Айта кетсем, бүтүрүүчү класстар арасында “Сармерден” сынагы болуп өттү. Ал эми бешинчи класстан сегизинчи класска чейинки окуучулар арасында  “Акыл ордо”  акыл таймашы жүрүп, 5-А класстан Төрөмаматов Мирбек, 7-А класстан Абдыжапар уулу Руслан күч сынашып, жогорку класстын окуучулары башталгыч класстын окуучуларына куурчак оюндарын көрсөтүштү. Андан сырткары, окуучулар Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоого саякат жасашып, өздөрүнүн жан дүйнөлөрүн байытып келишти. Ошондой эле, Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Курманбек баатырдын күмбөзүнө, Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин музейине барып, баатырдын таржымалы менен кеңири таанышып келишти, - дейт А.Исмаилова.

Эскерте кетсек, аталган мектепте 75 мугалим 985 балага татыктуу билим-тарбия берип келе жатышат.

"Көк-Арт Инфо" маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абад облусунда жайгашкан касиеттүү ыйык жерлердин сырлары көптөгөн чет жерден келген туристтерди...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:28