KELECHEK
rek

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында төрага турат. Эгер төрага бейтарап болсо, анда эл өкүлдөр да ынтымактуу болуп, биримдикте иш алып барышары шексиз. Андыктан мындагы маегибиз  Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Ормоков Эрнисбек Абдижалилович менен болмокчу.

- Эрнисбек Абдижалилович, Сиздин Жалал-Абад шаардык кеңешине төрага болуп келгениңизге бир жылга чукул убакыт болуп калды. Бул убакытта кандай иштер менен алек болдуңуз?

- Алтынчы чакырылыштагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин бир жылы аяктар маалында төрага болуп келип, жылды жыйынтыктоо менин колумда болгону баарыңыздарга маалым. Ал эми өткөн жыл баарыбыз үчүн жемиштүү жылдардан болду десем жаңылышпаган болом. Деги эле, төрага болгонумдан бери депутаттар жана эл өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, шаарыбыздын жаркын келечегин түзүүнүн аракетинде болдук. Ошол эле күндө шаардык кеңеш ар дайым шаарыбыздын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык турмушунун борборунда жана коомчулуктун көңүл буруусунда турду.

- Сөзүңүзгө аралжы, Сиз иштеген жылдан сессияларда  кандай орчундуу маселелер каралды?

- Шаардык кеңештин 2015-жылга түзүлгөн келечектүү иш мерчеминин негизинде жана регламентке ылайык, бир топ маселелер шаардык кеңештин сессиясында каралды. Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарынын  эң орчундуу болгон 2015-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшүн бекитүү жана 2016-2017-жылдардагы бюджетинин божомол көрсөткүчтөрүн кароо, Жалал-Абад шаарынын аймагында басылган асфальттардын сапаты, Жалал-Абад шаарынын балдар бакчаларындагы, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнүн, селсаяктар жатуучу жайдын жана кайрымдуулук борборунун абалдары, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы тамак-аш коопсуздугу, коомдук тамактануучу жайлардын, мал-жандык союлуучу жайлардын санитардык абалдары жөнүндөгү маселелер каралып жатты.

Депутаттык корпус жыл ичинде жалпысы болуп 9 сессия өткөрүп, 72 токтом кабыл алды. Шаардык кеңештин сессиялары ар дайым массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык-айкын өтүп жатты.

- Кечиресиз, Сиздер чыгарган токтомдорго прокуратура органдары тарабынан протест келтирип жатышты эле?

- Туура. Кабыл алынган токтомдордун баарысы негизинен аткарылды. Жыл ичинде 3 токтомго гана прокуратура органдары тарабынан 3 протест келтирилди. Ал эми калган токтомдор боюнча протест келтирилбеген. Бул да болсо, шаардык кеңеш өзүнүн компетенциясынан чыкпай, мыйзамдарды туура пайдаланып иштегендиги болуп эсептелинет.

- Шаардык кеңеште туруктуу комиссиянын ролу чоң эмеспи. Алар өткөн жылы көрүнүктүү эмне жумуштарды аткарышты?

- Чынында эле, Жалал-Абад шаардык кеңештин ишинде туруктуу комиссиялардын ролу өтө зор. Келип түшкөн арыздар, каттар жана кайрылуулар боюнча негизги иштер туруктуу комиссияларда жүзөгө ашырылат. Мен жалпы маалыматтарды гана келтирейин. Өткөн жыл ичинде шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары төмөнкүдөй иштерди аткарышты. Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте шаардын жашоочуларынан келген арыз каттарды карап, жергиликтүү бюджетти бекитип жатканда депутаттар пландан ашыкча түшкөн каражатты приоритеттүү багыттарга бөлүп, шаардын инфраструктурасын көтөрүү максатында шаардык бюджетти сарамжалдуу пайдаланышын көзөмөлгө алып, шаар үчүн эң көйгөйлүү маселелерге максаттуу түрдө акча каражаттарды бөлүп бердик. Алсак, жыл ичинде комиссия  61 жыйын өткөргөн, алардын ичинен ондогону сессияга алып чыгарылган.

Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунун оңдоп-түзөөсүнө жалпысынан 35 млн сомго тендер жарыяланып, жеңип алган фирма 32 млн 779,9 миң сомго жумуштарын аткарган. Тендердик буйрутмада жыгач отургучтардын ордуна пластик отургучтарды орноштурууга кошумча 800 миң сом бөлүнүп берилип, россиялык пластик отургучтар 798 миң сомго сатылып алынды. Жалпысынан стадиондун оңдоп-түзөөсүнө 33 млн 577,9 миң сом акча каражаты сарпталды. Стадиондун батыш тарабындагы трибунасы толугу менен оңдолуп, үстү жабылып, пластик отургучтар жана чуркоочу резина килемчеси  менен жабдылды.

Ленин көчөсүн кеңейтүүгө жалпысынан 9852 миң сом акча каражаты сарпталып, анын ичинен темир тосмо орноштурууга 555,8 миң сом, жарыктандырууга 780,3  миң жана жолду кеңейтүүгө жумшалган каражат 8518,9 миң сомду түзгөн.

Жалал-Абад шаарынын Пушкин скверин реабилитациялоого жалпысынан 1800,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, тендерден жеңип алган фирма тарабынан 1360,0 миң сомдук иштер аткарылып, андан сырткары кошумча жумуштарына 870,0 миң сом акча каражаты керектелүүдө.

Мындан сырткары,  Жалал-Абад шаарындагы АРИС долбоорунун алкагында курулган 3 объект эксплуатацияга берилди. Алар: №17 орто мектебинин кошумча курулмасы, Достук кичи районундагы №4 балдар бакчасы, «Ариет» балдардын чыгармачылык борборунун Спутник кичи районундагы филиалы.

Ичүүчү суу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын жана Азия өнүктүрүү банкынын Птицеград кичи районундагы курулуп жаткан суу топтоочу жайдын да курулуш иштери башталып, шаарыбыздын көчөлөрүнө суу кетүүчү түтүктөрдүн магистралы орноштурулуп бүттү.

- Курулуш, транспорт жана байланыш боюнча комиссия эмне жумуш аткарды?

- Сиз айткан комиссия менен да бир топ алгылыктуу иштерди аткардык. Жарандардан келген каттарды өз убагында комиссиянын жыйынында карап, орчундуу маселелер шаардык кеңештин сессиясына сунушталды. Жыл ичинде комиссияда 13 жыйын өткөрүлгөн. Андан сырткары, 3 жолу жерине барып текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Атап айтсак, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы «өнөр жай» зонасында жайгашкан жер тилкелерине шаар тургундарынын мыйзамсыз курулуштарын куруп алып, курулган турак жай үйлөрүн мамлекеттик каттоодон өткөрүү убактысы келгенде маселе жаралган. Шаардык кеңештин перспективдүү планындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальтталган көчөлөрдүн асфальтынын сапаты текшерилген. Өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорунун негизинде сессиянын кароосуна сунушталган.

- Социалдык  маселелер боюнча кандай иштер текшерилип каралды?

- Алар менен биргеликте да жыйын өткөрүлүп, бир нече иштер аткарылды.  Өсүп келе жаткан жаштарга үлгү болушу үчүн белгилүү инсандардын ысымдары шаарыбыздын көчөлөрүнө ыйгарып жатабыз. 

Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан балдар бакчаларындагы берилип жаткан тамак-аштын сапатын, рационун, санитардык абалын кароо максатында шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда балдар бакчаларынын, балдар үйүнүн жана шаардык кайрымдуулук борборунун ишмердүүлүгү текшерилди. Текшерүүнүн учурундагы кемчиликтерди жоюу маселеси менен тактама түзүлүп, сессияда каралды.

Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын 53-беренесине ылайык, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы шаардык кеңештин өнөр жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарбасы боюнча  туруктуу комиссиясы менен биргеликте  шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын, мал жандык союлуучу жайлардын санитардык абалы текшерилип,  санитардык ченемдерди бузган физикалык жана юридикалык жактарга эскертүүлөр берилип, 10 күндүк мөөнөттө кемчиликтерди жоюу сунушталды.

Туруктуу комиссиялардагы депутаттарыбыз жыйындар менен гана чектелип калбастан, тигил же бул маселе боюнча иштин чыныгы абалы менен жер-жерлерде таанышууга, аткарылып жаткан иштерди жүрүп жаткандыгын билүүгө, ошондой эле кездешкен көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө иштерди алып барышты.

- Сиздерге түшкөн арыз каттар менен иштөө жагы кандай?

- Жалал-Абад шаардык кенеши депутаттар менен иштешип эле чектелип калбастан, шаардын тургундарынан келип түшкөн каттардын үстүндө да көп иштерди алып барышты.  Жылдын башынан ушул күнгө чейин шаардагы бюджеттик мекеме-ишканалардан, юридикалык жана физикалык жактардан, шаар тургундарынан шаардык кеңешке 804 арыз кат келип түшүп, алардын 214 катына мыйзам чегинде жооп даярдалган.  

- Эми сөз нугун быйылкы жылдагы аткарып жаткан жана аткарылчу иштериңиздерге бурсак. Алгач шаар бюджети пикириңизде туура бөлүштүрүлдүбү?

- Өзүңүз билгендей, бюджетти элдин суроо талабынын негизинде, аткаруу бийлиги менен биргеликте бөлүштүрдүк. Жеке оюмда туура эле болду го деп эсептейм.

- Элден кандай суроо-талаптар көп түшөт?

- Негизинен элдин басымдуу бөлүгү спорттук имарат, бала-бакча, мектептер тууралуу кайрылуу, арыз жолдошот. Андан алардын негизги максаты - балдарынын жакшы ден соолукта, илимдүү-билимдүү болуп улгаюларына шарт түзүү болуп саналат. Ошондуктан мындагы талаптардын негизинде биз дагы бул маселелердин үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса келечекте шаардагы курулуп жаткан жаңы кичи райондордо жаңы спорт жайларын курулуп, жаштарыбыздын келечектерине жакшы шарттарды түзөбүз деген ниетте турабыз.

- Инвестиция тартуу жагында кандай иштер жүрүүдө?

- Шаарга инвестиция тартуу бул башкы планыбыздагы иштердин бири. Быйылкы жылга Кытай жана Түркия мамлекеттеринен көп кабаттуу үй курууга инвесторлор келип жатат. Мында бизден негизги иш үй курууга жер табуу болуп саналат. Жалпыга маалым болгондой шаарыбызда үй курууга жерлер жокко эсе. Ошого карабастан, биз колубуздан келген аракеттерибиз менен мүмкүнчүлүккө жараша жер табуунун аракетинде жүрөбүз. Эгер бул максаттарыбыз ишке ашып калса, шаарыбыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн саны көбөйүп, тургундар үчүн алда канча жакшы шарттар жаралат.

- Жаш төрага катары жаштарга кандай колдоолорду көрсөтүп жатасыз?

- Туура айтасыз, өзүм жаш болгонум үчүн жаштарга өзгөчө колдоо көрсөтүү менин негизги максатым. Алардын коомдогу ордун көтөрүү максатында колумдан келген жардамымды аябай келүүдөмүн. Бул багытта өзүңүз да билесиз, жаштар менен биргеликте, алардын демилгелерин колдоп шаарыбыздагы жаштардын билим деңгээлин көтөрүү, сабаттуулугун жогорулатуу максатында бир нече интеллектуалдык оюндар өткөрүлдү. Ошол эле учурда, шаардагы эле эмес облус аймагынан чогулган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга жакшы маанай тартуулоо, алардын көңүлүн алуу максатында да бир топ алгылыктуу иштерди аткардык.

- Ал иштер дагы улантылабы?

- Албетте да. Кантип улантылбай калсын?!  Бүгүнкү биздин жаштардын коомдогу орду жогору турат. Алардын ар бир аракетине көз тийбесин кээ бир учурда улуу муундарга да үлгү боло алат. Коомчулукта жүрүп жаткан “Жаштардын билими жок, жүрүм-турумдары начар”- деген сөзгө мен кошулбаймын. Биздин жаштардын билими жакшы. Болгону аны дагы да өркүндөтүү керек. Алардын күчтүүлүгү өздөрүнүн эрктүүлүгүндө. Эгер жаштарыбыз бүгүнкү калыбынан жазбай кете турушкан болсо, келечектен көптү үмүттөнсөк болот. Болгону айрымдар жаштарды туура эмес багытка пайдаланып, алдап коюшу мүмкүн. Кыскача айтканда, кимдир бирөөлөр саясий курал катары пайдалануулары мүмкүн. Ал эми менин бүтүн аракетим жаштарды азыркы калыбында сактап, мыкты кадр катары даярдоо жана ал үчүн колумдан келген баардык аракеттеримди жасап, жаштарды ар тараптуу колдоого алам.

- Айтсаңыз, депутаттар көбүнчө көчөлөргө көңүл бурушат. Бирок, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү башаламандыкты  карашпайт. Эмнеге?

- Шаардын көчөлөрү таптакыр эле башаламан дегенден алысмын. Бул жаатта учурда аткаруу бийлиги тарабынан алда канча ийгиликтүү иштер жүрүп жатат. Мисалга, Ленин көчөсүн алсак болот. Өткөн жылы бир топ кеңейип, жүргүнчүлөргө жакшы шарт жаралды. Спутник кичи шаарчасындагы көчөлөр быйылкы жылдын планында бир топ өзгөрүү алдында турат. Негизи эле акырындык менен шаардагы бардык көчөлөр оңдолуп, ирээтке келип, шаардын көрүнүшү бир кыйла жакшырат деп ишенимдүү айтууга болот.

- Алдыга койгон пландарыңыз тууралуу да кеп салып өтсөңүз?

- Максаттарым өтө көп. Шаардык кеңешке элдин жүгүн аркалап, алардын жашоо шартын жакшыртуу, шаарды өнүктүрүү максатында келгенден соң, максатыбызга жетүүнүн аракетиндебиз. Бул жаатта бир топ иштерди быйылкы жылга пландап, сессияда карап өткөрүп, аткаруу бийлигине тапшырдык. Эми ошонун натыйжасы кандай болору менен алектенебиз. Сиздер билгендей быйылкы жылда Жалал-Абад шаардык кеңеши таркап, жаңы курам келет эмеспи. Эгер эл колдоп берчү болсо, бул жылдагы шайлоого да катышабыз.

- Демек, келээрки шайлоодо талапкерлигиңизди көрөт экенбиз да?

- Ооба. Туура таптыңыз. Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём. Анткени,  өткөн 5 жылдагы бүткөрө албай калган иштерибизди толук түрдө бүткөрүп, элдин ишеничин актоо максатында дагы иштөөбүз абзел!

- Маегиңиз үчүн ырахмат!

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, Жалал-Абад шаары.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Өкүл Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: Жалал-Абадда быйылкы жылдын алты айында 34...

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев Кыянбек...

ИНТЕРВЬЮ 2017-07-29  02:13