KELECHEK
rek

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак өттү

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак өттү

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш инспектору” деп аталган район жана шаарлардын арасында облустук финалдык кароо-сынак болуп өттү.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, аталган кароо-сынакты Жалал-Абад ОИИБнын жол кайгуул күзөт кызматы, билим берүү бөлүмү жана облустук балдар чыгармачылык үйү биргеликте уюштурушту.

“Бүгүнкү кароо-сынакка катышып жаткан окуучулардын ар бири жол эрежесин так билген чыгаан инспекторлордун катарын келечекте толуктайт деген ишеним бар. Менимче, мелдештин негизги максаты татыктуу орун алуу менен бирге, ар бир окуучу жол эрежесин так билип жанындагы жолдошторун кошо үйрөтүп муну менен жол кырсыгына дуушар болгон жаш балдардын санын азайтууга жардам берет деп эсептейм”, - дейт Жалал-Абад ОИИБнын ЖККБнүн башчысы Кылыч Рысбаев. 

Сынак 7 турдан туруп, шаар-райондордун орто мектептеринен 8 команда келишип, конкурстун жоболорун мыкты аткаруу менен калыстардын койгон бааларынын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды. Биринчи орунду Майлуу-Суу “Веселые регулировщики” командасы, экинчи орунду Жалал-Абад шаарынын “По пути” командасы, ал эми үчүнчү орунду Сузак районунун “Жашыл чырак” командасы жана Аксы районунун “ЮДГ” командалары ээлешип баалуу белектер жана сый баракчалар менен сыйланышты.

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Каракалпакстандын Нукус районунда  нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  10:32