KELECHEK
rek

Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад ОИИБгын жетектеп турганда облуста коомдук коопсуздук сакталып турган

Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад ОИИБгын жетектеп турганда облуста коомдук коопсуздук сакталып турган

Бүгүн, 4-февраль күнү айрым интернет сайттарда Өкмөт башчы С.Жээнбеков катышкан ИИМдин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) башчысы Ж.Джоробеков кызматынан алынгандыгы боюнча маалымат кетти.

Биз ошол маалыматты окуп алып, Ж.Джоробековдун кызматтан алынуусуна өзүбүздүн тынчсыздануубузду билдирип, ал ОИИБнын башчысы болуп турган мезгилде башка облустарга караганда, Жалал-Абад облусунда бир топ алгылыктуу иштер болгондугун айтып коюуну туура көрдүк.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгын 2013-жылдын июнь айынан бери Джоробеков Жеңиш Мамаюнусович башкарып келди. Бул аралыкта Ж.Джоробеков тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукту болтурбоо, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды жогорку деңгээлде мекенчилдикке тарбиялоо багытында тынымсыз иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.

Анын жыйынтыгында “Мекеним менин - Кыргызстан” долбоору түзүлүп, иш-чаралар уюштурулуп, 2010-жылдан бери жыл сайын багар-көрөрү жок өспүрүмдөр, аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды жайкы мезгилде акысыз өлкөбүздүн Ысык-Көл, Сары-Челек, Сулайман-Тоо, Арстанбап, Өзгөн, Бурана сыяктуу тарыхый кооз жана эс алуучу жерлерине экскурсияларга алып баруу жагы колго алынып, бул иш-чара аркылуу зор тарбиялык маселелер чечилүүдө.

Мындан сырткары, облустук ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдарын жайкы мезгилде эс алдыруу үчүн мурда иштебей турган Арстанбап айылындагы башкармалыктын жайкы эс алуу лагерин ишке салып, жыл сайын жүздөгөн жаш жеткинчектердин арзан эс алуусун уюштуруп келүүдө. Бул лагерде кызмат учурунда каза болгон же жаракат алган кызматкерлердин балдары жана ИИОнын ардагерлеринин акысыз эс алуусу уюштурулган.

Жыл сайын мусулмандардын Рамазан айында жаштар жана маданият кызматкерлери менен биргеликте “Жарамазан” кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, ал иш-чарадан чогултулган жүз миңдеген акчалар атайын түзүлгөн комиссиянын кароосу менен жардамга муктаж болгон жарандарга жана мекеме-уюмдарга таратылып берилип келүүдө. Джоробеков Ж.М. ар дайым коомчулук, жаштар, аксакалдар, аялдар комитеттери менен тыгыз иштеп келет. Ар дайым даталуу күндөргө карата коомчулуктун калың катмарын уюштуруп, дасторкон үстүндө алар менен пикир алышып, учурдун талаптарын жеткирип туруу жагын такай колго алып келүүдө. Буга мисал катары, акыркы үч жылдын аралыгында коомчулук менен уюштурулуп жүргөн ооз ачарларды өткөрүү, ар бир Курман айт күндөрүндө курмандыктарды чалууну уюштуруу, аларды бей-бечараларга жана коомчулукка таратып берүү иш-чараларын атасак болот.

Улуу-Ата Мекендик согуштун жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата Жалал-Абад облусунун мектеп окуучулары жана Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, жаштарды мекенчилдикке үндөө, аскердик даярдыкка тарбиялоо, мекенди коргоо сезимдерин күчөтүү багытында “Мекеним менин - Кыргызстан” долбоорунун алкагында “Мыктыгер” аскердик-спорттук маданий иш-чараларын 3 жылдан бери үзгултүксүз жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүп, жалпы коомчулуктун колдоосуна алынып келүүдө.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде облустун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук кескин түрдө кыскарган. Жалал-Абад ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Ж.Джоробеков тарабынан Кыргыз Республикасынын калпак күнүнө арналган иш-чарада коомчулукту массалык түрдө майрамдык салтанатка үндөө демилгеленип, ал демилге жалпы эл-журт тарабынан колдоого алынып, 5-март калпак майрамына карата облустун бардык аймактарынан жөө жүрүшкө чыгышты.

Салтанаттуу жөө жүрүшкө облустун баардык аймактарынан келген күч органдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, казыят, спортчулар, жаштар өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер, милициянын ардагерлери жана элдик кошуундар, ар улуттун өкүлдөрү, Ооган, Баткен коогаланынын катышуучулары жана “Санпа” шейиттери”, “Элим-жерим” коомунан, бей өкмөт уюмдар болуп Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнөн 3000-5000дей адамдар жыйналып борбордук “Эркиндик” аянтына 10000 деген калк жыйылып, ынтымак жана биримдикке чакырып турушту.

Ушул сыяктуу коомчулук менен жасалган ийги иштердин жыйынтыгы катары улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү эл тынчтыгын бузуп, жагымсыз окуяларды баштап, оппозициялык маанайдагы митингдерди баштаган учурда коомчулук аларга каршы туруп, чагымчыл терс көрүнүштөргө жол берген жок. Башкача айтканда, УОКтун өкүлдөрү Жалал-Абад шаарында, Аксы районунда массалык баш аламандыктарды уюштурууга ниеттенип, элди нааразычылык митингдерине үндөп чыгышкан учурларында мамлекеттик бүтүндүккө шек келтирүүгө жана жарандардын коопсуздугун бузууга жол берген жок.

2016-жылдын 6 айында облус боюнча 43 социалдык чыңалуулар болуп, алардын ичинен 15 жолу нааразычылк акциялары уюштурулду. Ошондой коомчулук үчүн кооптонууну жараткан учурлардын бардыгында Ж.Джоробековдун иш билги жетекчилигинин алдында бардык акцияларды өз убагында тынчтык жолу менен токтотууга жетишилди. Мына ушундай эл алкоого алынган эмгеги эске алынып, Ж.Джоробековду кызматтан алуу туура эмес болуп калат деген ойдобуз. Ошол себептен,

Өкмөт башчысы, Ички иштер министри өздөрүнүн чечимдерин кабыл алууда Ж.Джоробековдун эл алдында аткарган ишин жакшылап таразага салып, анан бир жыйынтык чыгарышы абзел. Ж.Джоробеков эл үчүн мындан да көптөгөн иштерди аткарып, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө кошо турган алдыда аткара турган эмгектери мындан да көп болот. Ага ишеним артып, дагы бир жолу эл кызматын аракалоосуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

Жалал-Абад ОИИБнын ардагелер кеңешинин төрагасынын орун басары, милициянын оставкадагы подполковниги Абайдуллаев Суюналы Туктасинович.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24