KELECHEK
rek

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин чыгарды

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин чыгарды

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы" болгондуктан, өлкөбүздө иш-чаралар арбын өтүп жатат. Ошого байланыштуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Социалдык өнүгүү министрлиги, “А.Шерматов” атындагы кайрымдуулук коомдук фонду "Кыргыз ТВ" телеканалы менен биргеликте жыл сайын өтүүчү "Доор таланттары" кароо-сынагын өткөрдү.

Жер-жерлерде өткөн сынакта мен да активдүү катышып, жеңүүчү болгон элем. Жалал-Абад шаарынын Курманбек стадионунда 8-майда өтө турган гала-концертке жеңүүчүлөр катыша турган болгон. Катышуучулар ар бири 5 миң сом взнос, же 300 сомдук билеттен 20дан сатууга аргасыз болдук. Билеттин баасы кымбат болгондугуна байланыштуу, билеттерди  адамдарга  сатууга мүмкүнчүлүгүм болбоду. 

Ошентсе да, өзбек баласынын Манас айтуусуна колдоо көрсөткөн Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын башчысы Кадирали Имановдун, "Келечек" ААКнун  президенти Келдибек Тумановдун, "Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Бахтияр Юнусовдун жардамы менен гала-концертке бара турган болдум.

Бирок, 7-май күнү Курманбек стадионуна репитицияга барсак, мурда катышпагандар дагы концертке катышарын угуп, таң калдым. Чын эле таң кала турган иштер болду. Себеби, аймактык конкурста менин кыска номерим 1579 болуп, эфирге кеткиче, ошол номерге такыр эле SMS билдирүү жибере албай койгонбуз.

Жогорудагы себептерден улам, мен гала-концертке катышуудан жана Бишкекке республикалык конкурска баруудан баш тарттым. Анын ордуна мени колдогон инсандардын берген акчасына "Тарых жана маданият жылына” жаш чыгармачыл калемгерлер салымы" деп 100 даана "Хуроз ови" аттуу аңгеме, ыр, орус, кыргыз, өзбек жана англис тилинде жазылган эсселер жыйнагымы чыгардым. Бул менин экинчи китебим. Биринчиси, Кыргыз эл жомокторун өзбек тилине которгон болчумун.

Саламым менен Абулфайзхон ХАНКЕЛДИЕВ, Сузак районуна караштуу Мубарак Юсупова атындагы орто мектептин 8 - "Г" классынын окуучусу.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29

Жалал-Абад шаарында

Жалал-Абад шаарында "Китеп кербени" өтүүдө

Бүгүн, 26-майда Жалал-Абад шаарында “Тарых жана Маданият” жылына, Кыргыз Республикасы менен АКШнын...

МАДАНИЯТ 2016-05-26  18:47