KELECHEK
rek

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине кат менен кайрылды. Анда Зика вирусунун адамга туудурган коркунучунан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинкиге жылдырып же Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырышкан.

"Кандай болгон күндө да Олимпиада Риодо өткөрүлүшү керек, бул оюндардын мааниси чоң, андан баш тартууга болбойт деген пикирлерге карабастан, биз ушундай чакырык жасап жатабыз", - деп айтылган катта.

Дарыгерлердин пикиринде, Зика вирусунун бразилиялык түрү адамга буга чейин илимий жактан изилденбеген ыкмалар менен зыян келтирет. Ошондуктан, 500 миңден ашуун туристтин өмүрү жөн жерден тобокелге салууга болбойт. Эгер алар оору жуктуруп алса, бүткүл дүйнөгө жайылып кетүүгө өбөлгө түзүлүшү мүмкүн.

Аталган спорттук оюндарды кийинкиге калтыруу же башка өлкөдө өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп турганда мындай тобокелдикке баруу этикага жатпайт дешет дарыгерлер.

Ал эми БССУ өкүлдөрү Оюндарды өткөрбөө же башка өлкөгө которуу Зика вирусунун дүйнөгө таралышына анчейин таасирин тийгизбейт деп билдирүү жасашты.

Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндары 5-августтан 21-августка чейин өткөрүлөт. Бул шаар Зика вирусу таралган эпицентрлердин бири болуп саналат. Аталган вирус микроцефалияга – баланын баш сөөгү кичирейип, акыл-эси кем болуп калышына алып келет.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...

ДЕН СООЛУК 2016-06-02  13:44

Тажикстанда мектеп окуучулары кайрадан ууланды

Тажикстанда мектеп окуучулары кайрадан ууланды

Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон айылындагы мектептин дагы 20 окуучусу чымындын дарысынан...

ДЕН СООЛУК 2016-06-05  01:34