KELECHEK
rek

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы шылуунчулук жана акча талап кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козголду.

 

Алдын-ала тергөө көрсөткөндөй, бул селки “0990” уюлдук телефону боюнча чалуулар программасын колдонуп, үнүн эркектикиндей кылып өзгөртүп, ар кандай кыздар менен таанышкан. Андан соң, алардан сүрөт салууну суранган. Кийинчерээк акча салбасаң абийириңди төгөм деп коркуткан. Эми Лутфуллозода 13 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн. «0990» чалуулар программасы электрондук робот аркылуу үндү эркектикине, аялдыкына же жаш баланыкына өзгөртө алат.

Аталган райондун ИИБ жетекчиси Фирузшох Одиназода маалымдагандай, Икболмох көбүнчө өзүн Мухаммад деп тааныштырып, кыздарды өзүн сүйдүргөнгө аракет кылган.

«Кыздардын сүрөтүн алган соң, Икболмох аларды акча салбасаң жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү социалдык түйүндөргө чыгарам деп коркуткан. Бир эле кыздан ал 3 миң сомони акча өндүргөн. Андан башка курмандыктарынын саны бир топ экени аныкталды”, - дейт Одиназода. Лутфуллозода ушул жылдын апрелинин башында бир нече кыз арыздангандан кийин кармалган.

Икболмох Лутфуллозода мектепти аяктаган соң эч жерде окубай, иштебей жүргөн. Туугандары болсо анын “уюлдук телефонго азгырылып” жүргөндүгүн байкаган эмеспиз дешүүдө. Агасы Хуршед Ходжаев карындашы дайыма үй иштери менен алектенгенин, анын колунан эч качан телефон көрбөгөндүгүн айтууда.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...