KELECHEK
rek

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан каралышына караманча каршы

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан каралышына караманча каршы

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары тарабанан өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу боюнча БУУнун кийгилишүүсүнө караманча каршы болуп жатышат. Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин жетекчиси Нурлан Рахматов 30-апрелде өткөн  маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, коомдук бирикме июнь окуясына кийин жалпы курамы 1500ден ашуун чыгаан, мекенчил инсандардын түзүлгөн. Коомдун мүчөлөрүнүн негизги максаты – Базар-Коргон районундагы тынчтыкты сактоо, улуттар аралык мамилени бекемдөө болуп саналат.

“Ошол себептен, коомдук бирикменин мүчөлөрү каргашалуу июнь окуясына 6 жылдын жүзү болуп, кыргыз калкы менен өзбек калкынын ортосунда жылуу мамиле  пайда болуп, эски жара айыгып бара жатканда, Азимжан Аскаровдун соттук териштирүүлөрүнө БУУнун кийлигишүүсү орунсуз жана бир нече суроолорду туудуруп, коомчулукта кооптонууну пайда кылууда. Америка Азимжан Аскаровду бетке тутуп, 2015-жылы ага АКШнын сыйлык ыйгаргандыгы элдин кыжырдануусун жаратты”, - дейт Н.Рахматов.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө июнь окуясында миңддеген адамдардын өмүрү кыйылганын, эмне үчүн ошончо адамдардын тагдырынан А.Аскаровду бийик коюшууда? - деген суроосун жолдоду. “Аны Американын долларын алып жаткандар коргоп жатат. Бейөкмөт уюмдары маселени кайра-кайра көтөрүп жатышат?  Элдин кызыкчылыктарын ойлошсун. Эгерде, А.Аскаров маселеси кайра козголуп, ага жан тартуу боло бере турган болсо, биздин мүчөлөр митингге чыгабыз деп даярданып жатышат», - деди «Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин төрагасы Н.Рахматов.

 

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Өзбекстандагы орус элчилиги “Георгий тасмасы” акциясын өткөрөт

Ташкенттеги Орусия элчилиги кабарлагандай, каалоочулар  “Георгий тасмасын” элчиликтен бекер...

КООМ 2016-05-04  16:18