KELECHEK
rek

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5 млн сомдук сертификатты тапшырды

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5 млн сомдук сертификатты тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология борборуна барып, балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн пациенттерин көрдү.

Мамлекет башчысы балдарды дарылоонун шарттары менен таанышып, онкология бөлүмүндөгү палаталарга кирип, балдар жана алардын ата-энелери, ошондой эле оорукананын жамааты  менен маектешти.

Президент Алмазбек Атамбаев балдарга оорудан сакайып кетүүнү каалап, ак ниет иши үчүн онкология жана гематология бөлүмүнүн жамаатына ыраазычылык билдирди. «Эң башкысы, балдар оорубасын. Ар бир ата-эне балдарынын аманчылыгын, ден соолугун тилейт. Баланын кыйналганын көрсөтпөсүн. Балдардын ден соолугу чың болсо, биз үчүн андан өткөн чоң бакыт жок», - деди Президент.

Мамлекет башчысы  Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу   Б.Султангазиевага балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн финансылык колдоо максатында 5 000 000 (беш миллион) сомдук сертификатты тапшырды.

Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө Президент Алмазбек Атамбаев менен бирге анын жубайы  Раиса Атамбаева жана өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев барышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда

«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...

ДЕН СООЛУК 2016-06-02  13:44