KELECHEK
rek

Өзбекстан пайдаланган объектилер Кыргызстанга толугу менен кайтарылды

Өзбекстан пайдаланган объектилер Кыргызстанга толугу менен кайтарылды

Өкмөттүн буйругунун негизинде Өзбекстан пайдаланып келген 12 объект толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

Анын маалыматы боюнча, учурда чек арага жакын жайгашкан төрт объектти жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты өткөрүп алуу боюнча иш жүрүп жатат.

Буга чейин өкмөт буйругунун негизинде Өзбекстан пайдаланып келген 16 объектти жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты мамлекеттин менчигине өткөрүп алуу боюнча буйрук чыгарган.

Алар Жалал-Абад облусу боюнча Ала-Букадагы "Орто-Токой" суу сактагычы, Аксыдагы Чоң Наманган каналы, "Чуст" каналы, Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы.

Баткен облусу боюнча Сох-Шаймерден каналы, Лаган каналы жана №1 Фергана автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжайдагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери. Ош облусу боюнча Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал жана Кара-Суудагы Савай каналы.

Ошондой эле ““Рохат-НБУ”, “Золотые пески”, “Бустон” жана “Дилором” пансионаттарын өткөрүү чечими кабыл алынган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12