KELECHEK
rek

Үч кыргызстандык Оштон Ташкентке чейин чуркоо акциясын баштады

Үч кыргызстандык Оштон Ташкентке чейин чуркоо акциясын баштады

27-августта эртең менен кыргызстандыктар Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев жана Курсанбек Сыдыков Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо марафонун башташты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Катышуучулардын экөө ардагер - Хусановдун жашы 74тө, Хабибуллаев 69да. Ал эми үчүнчү катышуучу Сыдыков 48де. Марафончулар үчөө тең буга чейин Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча марафондорго катышкан.

Алар бул жолу Ош – Ташкент аралыгындагы 540 чакырымдын 340ын жөө басып өтүшөт. Калган 200 чакырым ашууларга туура келгендиктен автоунаа менен өтүүгө туура келет.

Спортчуларды чек арага чейин Кыргызстандын, андан ары Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү коштоп барат. Алардын ден соолугуна чогуу жүргөн дарыгер такай көз салып турат.

“Достук” марафону Кыргызстан менен Өзбекстандын биримдигин чыңдоону максат кылат. Аны өткөрүүгө "Мөл булак" чакан насыя мекемеси, спортту тескеген органдар жана өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү каржылык колдоо көрсөтүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20