KELECHEK
rek

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 16-январында Филиппиндин курамасы менен беттешет

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 16-январында Филиппиндин курамасы менен беттешет

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы эртең, 16-январда өтө турган Кыргызстан-Филиппин беттешүүсүнүн алдында ийгиликтерди каалап,  Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышып жатканы — быйылкы жылдагы эң чоң спорттук окуялардын бири экенин белгиледи.

«Биздин футболдук команда биринчи жолу ушундай абройлуу чемпионатка катышып жатат. Командага айтып коюңуз, ар бир Кыргызстандык сыяктуу мен да биздин команданын күйөрманымын жана сиздердин жеңишиңиздерди каалайм.

Футбол боюнча биздин улуттук команда Азия Кубогунда өлкөбүздү жакшы көрсөтүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле Кыргызстандын курамасы бул турнирде абдан кызыктуу жана чебер оюн көрсөтүп жатканын кошумчалады. Команда катышкан ар бир матч күйөрмандардын зор кызыгуусун жаратууда. Биздин жигиттер күчтүү атаандаштарга — Азия Кубогунун фавориттерине каршы татыктуу ойношту.

«Биздин футболчулар Азиядагы алдыңкы футбол державалары менен тең ата ойной ала турганын далилдей алышты. Оюн учурунда биздин футболчулар бири-бирин колдоп, ар бир топ үчүн катуу аракет кылганын көрдүк. Жигиттерибиз бардык күчүн үрөп ойноп, өлкөбүздүн намысын татыктуу коргой алышты. Алдыда дагы бир матч турат, ал дагы абдан маанилүү жана аныктоочу матч болуп саналат. Биз командабызга чын ниеттен ишенебиз! Силерге ийгилик жана Жеңиш каалайм!», — деди Мамлекет башчы.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 2019-жылдын 16-январында 19:30да Филиппиндин курамасы менен беттешет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20