KELECHEK
rek

WSJ: АКШда Huawei компаниясына карата тергөө иштери башталды

WSJ: АКШда Huawei компаниясына карата тергөө иштери башталды

АКШнын Федералдык прокуратурасы америкалык өнөктөштөрүнөн коммерциялык сырларды уурдаган деген шек менен Кытайдын Huawei Technologies Cо. компаниясына карата тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, кеп смартфондорду тестирлөө үчүн колдонулган америкалык T-Mobile түзүмү тууралуу болууда. Reuters агенттиги кытай компаниясына расмий айып тагууга материалдар жетиштүү экенин билдирүүдө.

Азырынча АКШнын Юстиция министрлиги менен Huawei компаниясы маалымат каражаттарындагы бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Huawei – телекоммуникациялык жабдуулар менен мобилдик телефондорду өндүргөн дүйнөдөгү эң ири компаниялардын бири. Буга чейин АКШ бул компанияны мамлекеттик пайдалануу үчүн жабдуу жеткирүүчүлөрдүн кара тизмесине киргизген. Америкалык чалгын Huawei Кытай бийлиги менен байланышта болуп, жабдуулары аркылуу Пекиндин коммерциялык жана аскердик кызыкчылыктары үчүн керектүү болгон маалыматтарды чогултуп бериши мүмкүндүгүн билдиришкен.

Буга чейин Huaweiдин жабдууларын пайдалануудан Австралия менен Жаңы Зеландия бийлиги баш тарткан. Жапон бийлиги дагы мамлекеттик сатып алуулардын алкагында Huawei компаниясынын жабдууларын алууга тыюу салуу чечимин кабыл алган. Декабрда Чехиянын киберкоопсуздук боюнча көзөмөл органы жергиликтүү өкмөттү Huawei өндүргөн жабдууларды колдонууда сак болууга чакырган.

Өткөн жумада Польшанын атайын кызматынын өкүлдөрү Кытай чалгыны менен кызматташууга шектелген эки адамды кармаган. Алардын бири Huawei компаниясынын Польшадагы сатуулар боюнча директору болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...