KELECHEK
rek

Кубатбек Боронов: “Ала-Бука, Чаткал райондорунун акимдери, бардык күч органдары кен байлыктарынын үстүндө отурасыңар!”

Кубатбек Боронов: “Ала-Бука, Чаткал райондорунун акимдери, бардык күч органдары кен байлыктарынын үстүндө отурасыңар!”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегия болуп, ага 1-Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, коллегия мүчөлөрү,  облустагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондордун акимдери менен шаарлардын мэрлери катышты.

Коллегияда 2018-жылдын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, региондорду өнүктүрүү жылына бекитилген иш-чаралар планынын аткарылышынын абалы жөнүндө өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баяндама жасады.

- Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2018-жылдын жыйынтыгы менен облуста салыштырма баада, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси -106,1%, айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясын өндүрүүдө салыштырмалуу баада өсүү темпи -102,2%, негизги капиталга инвестицияларды тартуу – 113,9%,   автотранспорт менен жүк ташуу -103,7%,  жүргүнчүлөрдү ташуу -101,0%, рыноктук  кызматтардын  көлөмү -105,0%, чекене товар жүгүртүү -106,0%, акылуу  кызмат  көрсөтүү 103,6%  аткарылды.  

Өнөр  жай  тармагында, 2018-жылы облуста  25836,7 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи  106,1 %. Жалпы Республиканын көлөмүндөгү облустун үлүшү 10,3 % түздү. Облустун район-шаарлары боюнча физикалык көлөмдүн индексинин (ФКИ) өсүү темпин,  Аксы району -100 %,  Ноокен району-115,5%,  Сузак району -108,0%,   Токтогул району-100%,  Чаткал району-106,9%,  Жалал-Абад шаары -148,7 %, Кара-Көл шаары -101,0%,  Майлуу-Суу шаары -100,1%, Таш-Көмүр шаары -101,0%  камсыздады. 

Ал эми    Ала-Бука району – 90,0%,  Базар-Коргон району -98,7%, Тогуз-Торо району -57,5%  аткарып, өткөн жылга салыштырмалуу  объективдүү жана субъективдүү себептер менен физикалык көлөмдүн өсүүсүн камсыз кыла алышпады. Атап айтсак, Тогуз-Торо районундагы филиал “Макмалалтын” комбинатынын өндүрүшү  2018-жылдын 1-сентябрынан токтотулган.

Ошондой эле, 2019-жылдын 1-январына карата облустун аймагында  180 жаңы ишканалар ишке киргизилген. Анын ичинен өнөр жайы -65,  айыл чарба -8, соода борбору -23, кызмат көрсөтүү  -84 (анын ичинен кызмат көрсөтүүсү -44, курулуш куруу кызматы -29, каржы көрсөтүү кызматы-5, транспорттук кызмат көрсөтүү-6). Аталган ишканаларда жалпысынан 791 жумуш орун  түзүлдү.

Облус боюнча сугат сууга болгон төлөмдөрдүн эсебинен 9  млн. 818,3 миң сом өндүрүлүп, план 87% аткарылган. Анын ичинен Сузак (72%), Базар-Коргон  (87%)  райондорунан башка райондордо план  аткарылган, - деди М.Акматов.

Баяндама жасалып бүткөндөн кийин, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сөз алып, өнөр жай продукциясыy өндүрүүдө физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпин камсыздай албай калган райондор боюнча токтолуп, облустун көрсөткүчүн «жаман эмес» деп баалады. Ошондой эле, К.Боронов өткөн жылы ар кандай тополоң жана нааразычылык менен коштолгон Ала-Бука, Чаткал райондорундагы кен маселелеринин ишине токтолду.

 - Бир топ жакшы жетишкендиктер, көрсөткүчтөр бар. Ошол эле учурда кээ бир райондордун көрсөткүчтөрү өтө төмөн экен. Азыр мына Кыянбек Урмаматович да бир топ цифраларды айтып өттү, мен да кээ бирөөлөрүнө токтолоюн дегемин. Коллегияда болгон жакшы, жаман нерсенин баарын айтышыбыз керек. Биз ошол үчүн атайын борбордон келдик. Сиздер менен ийри отуруп, түз кеңешип маселелерди тактап алалы деп. Өнөржай боюнча үстүртөн айтылып кетти, Ала-Бука, Базар-Коргон району боюнча 2017-жылга салыштырмалуу төмөндөп кеткен. Тогуз-Торо районун айтпай эле коёлу, 57 пайыз болуп кеткен. Тогуз-Торо району бир гана өнөржай тарамыгына кармалып отурган район болуп эсептелет, айылдагы малдарды айтпаганда. Ошол себептен, мында маселе чоң. Мунун баары райондо тынчтык болбогондуктан көрсөткүч төмөндөп кеткени байкалат, 57 пайызды түзүп жатат. Азыр мына 1000ден ашык киши иши жок отурат. Ал 5000 кишинин күнүмдүк тиричилиги. Ошонун айынан беш миң киши качан качан кайра иштейт деп карап отурушат. Кылаар ишти кылабыз да, анан качан кайра болот? – деп сурай баштайбыз. Кетирүүчүлөрдү кетирип, тынч болуп калды. Эми районго (алтын кенин иштеткенге) жаңы инвестор келет. Сүйлөшкөндөй жакшы иш алып баргыла. Ала-Бука менен Базар-Коргон районунда түшүп кеткен. Маселе инвестордо эмес, маселе өзүбүздө болуп жатат. Ала-Букада бир Иштамбердини карап отура берсек, анда кандай кылып райондун саясатын жүргүзөбүз? Анда ошолорго бериш керек саясатты силер жүргүзгүлө деп.

Ошондуктан инвестор келе турган болсок, аны жакшыраак колго алыш керек. Иштамбердиде инсидент болуп үч ай ишкана иштебей турду эле, кайра эл иштетип бергиле, кокуй биз ачка калдык?,- деп суранышты. Эми эл андайга барбаш керек, жакшылап ортодогу мамилени оңдош керек. Бизге маалымат жетип жатат. Президент да өз сөзүндө айткан, жергиликтүү бийликтин ошол жерде иштеп жаткан райондук, облустук күч органдарынын, акимдердин тиешеси бар деп. Айрыкча Ала-Бука менен Чаткал районунун акимдерине абдан чоң сөздөр бар. Эми колуңардан кармап албагандан кийин, маселе жок. Мамлекеттик кызматкер болгондон кийин, мамлекет үчүн, эл үчүн элди туура жолго башташ керек. Эл түшүнбөгөнүнөн улам ар нерсеге барышы мүмкүн. Бирок, ошол жерде иштеп жаткан жетекчи туура ишти алып барыш керек да. Ал жерде (Эскертүү: 2018-жылдын 12-июнунда Чаткал районунун Кызыл-Токой, Терек-Сай айылдарынын тургундары Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагындагы Иштамберди кенин иштеткен «Фулд Голд Майнинг» фирмасына нааразылык билдирип митингге чыгышкан. Ал эми 2018-жылдын 5-ноябрында Терек-Сай айылындагы сурьма чыгарылган жерде чыр чыгып, жергиликтүү тургундардан милиция кызматкерлери жабыркап, ооруканага жаткырылган) тополоңдон да башка маселе бар.

Мен элдин көзүнчө айтып коёюн, силер жөнүндө абдан чоң нарикание бар. Эки райондун акиминен баштап, ошол жерде иштеп жаткан күч органдарынын бардыгы кен байлыктардын үстүндө отурасыңар! Ачык эле айтайын, качан колуңардан кармаганда кеч болуп калат. Биз да сүйлөшөбүз да, акыркы үч айдан бери кен казгандар менен 5-6 жолу жолуктум, конференция өткөрүп жатабыз, кабинетке чакырам. Алар менен мен түздөн-түз иштешем. Аларда менин жардамчымдын телефон номери бар. Алар күнү-түнү телефон чалышат. Дагы бир жолу кайталап айтып койоюн, эл түшүнбөгөнүнөн улам ар кандай иштерге барышы мүмкүн. Эл аны жасап аткан жок, аны 5-6 киши кылып жатат. Терек-Сай боюнча, эмне болду эми,  элдин баарына уят болдук! Муну мен бул жерде жетекчилер отурган үчүн айтып жатам. Өзүңөр жыйынтык чыгаргыла. Эртең мына Ала-Бука менен Чаткал районунун акимдери коопсуздук кеңешине барасыңар. Силерди бекер чакырган жок ошол жерге, маселе бар, ошол себептен чакырып жатат силерди, - деди биринчи вице-премьер миистр Кубатбек Боронов.   

Биринчи вице -премьер -министр Кубатбек Бороновдун койгон дооматтарына Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров кескин жооп кайтарды.  Анын айтымында, райондун жетекчиси-акими болуп дайындалып иштеп жатканына жарым жыл гана болгон.

- Мен аким болуп иштеп жатканыма алты ай гана болду. Мага чейин болгон иштерге мен жооп бербейм. Бирок, мен өзүмдүн ишиме жооп берүүгө даярмын, - деп айтты Э.Абдыкадыров.  

Ошондой эле, Эмилбек Абдыкадыров биринчи вице-премьер-министрдин сын пикирине жооп кайтарып жатып, кенге байланыштуу чырлар Чаткал районунун аймагында болгондугун жана алар элди тынчтандырууга чыгышкандыгын, ал эми ала-букалыктар жаңжалдын башка тарабында болгондугун белгилеп өттү.

Өткөн жылы облустун медицина тармагында жакшы жылыштар болгон

Коллегияда өкүлдүн ббиринчи орун басары М.Акматовдун берген маалыматына караганда, облустун калкын медициналык жактан тейлөөнү жана сапаттуу жардам көрсөтүү максатында облустук клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүн, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча окутуу борборлорунда  5,7 млн. сомдук капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө жана Кытай Эл Республикасынан 100 даана функционалдык кроваттар, 5 даана медициналык монитор, 2 электрокардиограмма, 1 лабораториялык анализатор, жалпысынан  2,0 млн. сомдук жабдуулар менен камсыздалды. Күйүктөн жабыркагандарды  дарылоочу 50 орундуу  борбордун имараты курулуп, 9,0 млн. сомдук жабдыктар алынып, жалпысынан 29,0 млн. сомдук иштер аткарылып, пайдаланууга берилди. Ошондой эле, Германия мамлекетинин колдоосу менен облустук клиникалык ооруканасынын  жабдыктары менен сметалык наркы 3,0 млн. евро болгон 60 орундуу ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушу жүрүп жатат.

Базар-Коргон райондук ооруканасынын төрт бөлүмүндө  10,5 млн. сомдук, Ала-Бука райондук ооруканасында 1,5 млн. сомдук капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгѳн. Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы аймактык оорукананын кошумча эки кабаттуу имаратын курулушу ноябрь айында пайдаланууга берилди. Жалал-Абад шаарында тез жардам бөлүмүнүн имараты “Ас-Салам” кайрымдуулук коомдук фонду аркылуу курулуп, пайдаланууга тапшырылды.

Облустун аймагында 9 ФАП курулуп, пайдаланууга берилди: Сузак району-4, Базар-Коргон району-3, Ала-Бука району-1, Чаткал району-1.

Жалал-Абаддагы 110 орунду балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин сметалык баасы 90253,5 миң сом акча каражатына жаңы имаратынын курулушу жүрүүдө.

Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 14,0 млн. сомдук Ала-Бука аймактык ооруканасынын 20 койкалуу структуралык бөлүмүнүн курулуш иштери жүргүзүлүүдѳ. 

Жалал-Абад шаарында 1 диализдик борбор жеке ишкер тарабынан, 1 диализдик борбор облуста алгачкы жолу Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүк долбоорунун алкагында Fresenius Medical Care жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги  менен биргеликте бүткѳрүлүп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле, кургак учуктун дарылоо сапатын жакшыртуу максатында облустук кургак учукка каршы күрѳшүү борборуна Япония ѳлкѳсүнүн  «Чѳп тамыры жана адамдын ден соолугу» долбоорунан  90 миң АКШ доллар акча каражатына медициналык жабдыктар алынып, оорулууларга медициналык жардам кѳрсѳтүлүп жатат.

Мындан сырткары, коллегияда 2018-жылдагы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылган иштер боюнча кеңири маалыматтар берилди. Акырында тиешелүү токтомдор кабыл алынды. 

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24