KELECHEK
rek

Жогорку соттун судьялары 3 млн сомдук үйдү 120 миң сомго саткан деп токтом чыгарышкан (ФОТО)

Жогорку соттун судьялары  3 млн сомдук үйдү 120 миң сомго саткан деп  токтом чыгарышкан (ФОТО)

Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагынын Жаңы-Арал айылында жайгашкан Апсаматов көчөсүнүн 32-үйү базар баасында 3  миллион 619 миң сомго бааланган. Ал эми Жогорку соттун судьялары 1020 сомдук тиешеси жок тил каттын негизинде аталган үй 120 000 сомго сатылган деп көрсөтүшүп,  токтом чыгарышкан.

Жогоруда аталган турак үй Тешебаева Майрамкан Абдуллаевнага 24.11.2014-жылна чейин таандык болгон. Бирок, 2014-жылы М.Тешебаева жолдошу Осмонбек Тешебаев менен соттошуп жатканына байланыштуу сиңдисинин досу Айсулуу Ирсалиевага  (24.11.2014-ж.) убактылуу өткөрүп берген. Бир жыл өткөндөн кийин А. Ирисалиева М.Тешебаеванын үйүн анын бир тууган эжеси Турсун Усмановага 14.09.2015-жылы күбөлөрдүн көзүнчө өткөргөн. Эмне себептен бул үйдү улам башка адамга өткөрүп берип жаткандыгынын себебин Майрамкан Тешебаевадан сурадык.

- Майрамкан Абдуллаевна, сиз үйүңүздү качан салгансыз?

- Мен Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнөн 1998-жылы Чормон деген акеден 10 миң сомго чекти сатып алып, экинчи турмушум болгондуктан, жолдошума ишенбей апамын атына жаздыргамын. 1999-жылы үйдүн курулушун баштагамын. Апам оорукчан эле, Көк-Жаңгакта авариялык үйдө жашачу. Атам каза болгондон кийин,, апам рак менен ооругандыктан, аны өзүм карадым. Апам 2010-жылы каза болду. Ага чейин эле 2008-жылы  апам үйдү мага белекке каттатып койгон болчу. Өзүм салгамын үйдү, муну Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштегендердин баары билишет. Апамды өзүм карадым, андан башка төрт баланы опекунга багып алып, ошол үйдө чоңойттум. Үйдү салганга жолдошумдун автобазада иштеген жумушчулары да жардам беришкен. Алар да билишет, ашар кылганда келип катышкан. Муну кошунларым да баары билишет. Опекунга өткөрүп алган төрт баланы багыш үчүн белгилүү бир адамдын кемпирин багууга туура келди. Ошондон улам жолдошум менен араздашып калдым. Ал менин үй кызматчысы болуп иштөөмө каршы чыкты. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр пайда болуп, акыры ажырашып кеттик.

- Эмне үчүн өз үйүңүздү башка бирөөгө убактылуу өткөрүп бердиңиз эле?

- Мен жолдошум Осмонбек Тешебаев менен ажырашкандан кийин, нике күбөлүгүбүз жана багып алган кызымдын фамилиясы жокко чыгырылды. О.Тешебаев мага 10 млн. сомдук моралдык доо коюп сотко кайрылды. Мен моралдык доодон коркуп кетип, өзүмдүн жашаган үйүмдү сиңдим Айгүл Токоевага барып “үйдү өзүңө өткөрүп турчу” десем, ал мага досу Айсулуу Ирисалиеваны таап берди. Айсулуу менин үйүмдү өзүнө өткөрүп турду. Бир жылдан кийин Айсулуу “өзүм үй сатып алдым, үйүңү өзүңө өткөрүп ал” -  деди. Ошол учурда Россиядан неберелерин карап жүргөн бир тууган эжем Турсун Усманова келип калды. Анан Айсулуу Ирисалиева нотариус Замир Козуев аркылуу бир тууган эжем Турсунга убактылуу үйдү өткөрүп берген. Ошентип үйдө  эжем менен чогуу жашап жүрдүк. 2017-жылы эжем Турсун Усманова мени бычак менен коркутуп, “үй меники, өлтүрөм” – деп  үйдөн кууп чыкты. Ошондон кийин эжемди сотко бергемин. Сотко келгенде нотариус Замир Козуев эжеме 600 миң, Айсулууга 500 миң сом жазып койгонун билдик. Айсулуу айтып жатат: “Бул үйдү Майрамга апасы белек катары өткөрүп берген экен. Мен Майрамдан акчага сатып алган эмесмин, ошол себептен үйдү кайра өзүнө берейин деп жатса, эжем үйдү сатып алгамын деп бербей жатат.

Ал эми Сузак районунун Таш-Булак айыл өмөтүнүн тургуну Айсулуу Ирисалиева талашка түшүп жаткан үйдү өзүнө өткөрүп турганда Майрамкан Тешебаевага эч кандай акча бербегендигин жана Турсун Усмановага да үйдү акчага сатпагандыгын жөн гана убактылуу өткөрүп тургандыгын айтты.

- Менин курбум Айгүл “менин эжем Майрамкан Тешебаеванын  Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Арал айылында жайгашкан Апсаматов көчөсүндөгү 32-үйүн күйөөсү Осмонбек Тешебаев менен соттошуп жатканына байланыштуу өзүңө убактылуу өткөрүп турчу досум” – дегенинен, мен мамлекеттик каттоосу бар “ИНД.код 3-05-12-1007-1624” бул үйдү проблемасы бүткөнчө өзүмө өткөрүп тургамын. Майрамкан мага үйдү саткан эмес. Мен жөн эле убактылуу өзүмө өткөрүп тургамын. Менин М.Тешебаевага эч кандай карызым жок. Анын да мага карызы жок. Мен үйдү 24.11.2014-жылы өзүмө убактылуу эле өткөргөм. Майрамкан мага үйүн саткан эмес. Анан 2015-жылы менин кыздарым үй алып, “апа үйдү өзүңүзгө өткөрүп алыңыз” – дешти.

Мен ойлопмун бир адамга бир эле үй жазылыш керек экен деп, Майрамга: “Үйүңдү өзүңө өткөрүп ал, мен да кыздарым алган үйдү өзүмө каттатам”- деп айткамын. Ошондо ал үйдү бир тууган эжеси Турсун Усмановага 14.09.2015-жылы өткөрүп бергемин. Майрамдын үйүн Турсун эжеге саткан эмесмин, жөн эле өткөрүп бергемин. Өткөрүп жатканымда Мамлекеттик каттоодо иштеген Замир Козуев, үйдү өткөрүп алып жаткан Турсун Усманова, Юлдаш Калдаров, Майрам Тешебаева күбө болушкан. Мен үйдү Турсун Усмановага саткан эмесмин, жөн эле өткөрүп бергемин. Бирок, нотариус Замир Козуев бизге окуп бербестен туруп эле кагаздарга кол койдурган. Биз да эч бир кагазды окубай туруп эле кол койгонбуз. Баасы да коюлган эмес болчу. Сотко келгенде Майрам Тешебаева мага өткөргөндө 600 миң сом деп баа койгонун, эжеси Турсун Усмановага өткөргөндө 500 миң сомго сатты деп баасы коюлганын уктум. Акчасы жок эле убактылуу өткөрө тургандыгыбызды таксиде баратып сүйлөшкөнбүз. Аны уккан таксисттин да түшүнүк  каты бар. Ошол себептен, Жаңы-Арыктагы Майрам Тешебаеванын үйү эжеси Турсун Усмановага эч кандай тиешеси жок, - дейт Айсулуу Ирисалиева.

Бир туугандар ортосундагы үй талашты соттор карап, бирок үйдүн ээси Майрам Тешебаева чындыкка жетпей келе жатат. Сузак райондук сотунун 12.05.2017-жылдагы чечимини негизинде М.Тешебаеванын доо арызы толугу менен канааттандыруусуз калтырылган. Ал эми Жалал-Абад облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы ишти апелляциялык тартипте кароо менен 14.07.2017-жылы жаңы чечим кабыл алган. Анда Айсулуу Ирисалиева менен Турсун Усманованын ортосундагы Таш-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Арал айылында жайгашкан Апсаматов көчөсүндөгү 32-үйүн жер тилкеси менен 14-сентябрь 2015-жылдагы сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп табылсын деген чечим чыгарылган.

Жогорку сот бул ишти 22-ноябрь 2017-жылы карап, бирок Сузак райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып койгон. Жогорку соттун токтомунда Сузак райондук сотунда жана Жалал-Абад облустук сотунда айтылбаган фактылар келтирилген. Анда Жогорку соттун судьялары 14.10.2008-жылы Мавлянова Майрамдын жазган тил катына басым жасашкан экен. Ал тил катта: “Мен Мавлянова Майрам Усмановна Турсундун сиңдиси эжемин калган 1020 акчаны алдым. Үйдөн кайыр-дообуз жок. Махмуджандан баарын толугу менен кутулдум. Үйдү өзүнө өткөрүп алса болот. Документти ээсине бердим” – деген жазуулар бар.

“Мен 14.10.2008-жылы эжем Турсун Усманова Россияда жүргөндүктөн, ал өзүнө тиешелүү болгон Сузак районуна караштуу Чолок-Терек айылында жайланышкан турак-жайын Махмуджанга сатып, турак-жайдан калган 1020 сомду мен алып, үйдүн кызыл китебин бергемин. Азыр билсем, КР Жогорку соту менин арызымды кароодо 22.11.2017-жылдагы токтомунда ушул тил катта жазылган 1020 (бир миң жыйырма) сомду 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча алган деп көрсөтүшүптүр. Мындан сырткары, мен 120 000 сомго саткан болуп калгамын. “Консалтинг-маалымат борборунун” 30.06.2017-жылга түзгөн базар баасы 3 619 000 (үч миллион алты жүз он тогуз миң) сомду түзөт. Эми бул сандардын айырмасына соттор тарабынан ар тараптуу, объективдүү, мыйзамдуу баа берилет деген үмүттөмүн”, - дейт М.Тешебаева.

Жогоруда көрсөтүлгөн сандар талашынан улам пайда болгон жаңы ачылган жагдайга байланыштуу Майрам Тешебаева жана Айсулуу Ирисалиева Сузак райондук сотуна 2018-жылы ноябрь-декабрь айларында Турсун Усманованын үстүнөн доо арыз менен кайрылышкан. Ал эми талашта турган үй дагы эки башка инсанга сатылып кетиптир. Азыркы учурда бул ишти Сузак райондук соту карап жаткан учуру. Сот кандай чечим чыгарат аны мезгил көрсөтөт.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24