KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Гүлмира Кудайбердиева менен өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Гүлмира Кудайбердиева менен өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.

Өлкөдөгү жалпы, баштапкы, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматы боюнча 1390 мектепке чейинки мекемелерде 187 миң бала тарбияланат. Оптимизациянын натыйжасында мектептердин алдында 7358 бала окуган мектепке чейинки 100 билим берүү мекемелери ачылган. 2018-жылы Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 10 миң баланы камтыган 120 бала бакча ачылган.

Министр белгилегендей, учурда багыты боюнча пайдаланылбаган бала бакчалардын имараттары инвентаризацияланууда. Анын натыйжасында 85 имаратты мамлекеттик органдар ээлеп алганы белгилүү болду. Имараттар бала бакчаларга кайтарылып берилсе, бул 50 миңден ашык баланы мектепке чейинки билим берүү менен камтууга шарт түзөт. Бүгүнкү күндө мурдагы балдар бакчаларынын имараттарынын 209нун ичинен кайтарылган 177 балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Жалпы билим берүү тармагындагы абал тууралуу айтып жатып, Гүлмира Кудайбердиева 2148 мамлекеттик жана муниципалдык мектептер долбоордук кубаттуулугу боюнча 813 миң орунга ылайыкталганын маалымдады. Учурда аларда 1222,7 миң окуучу билим алат, же болбосо 410 миң бала белгиленген өлчөмдөн көп дегенди билдирет. Шаарларда окуучулардын санынын жогорулашы 25% түзсө, айыл жеринде 14% жетти.

Кыргызстанда акыркы 5 жылда 282 мектеп курулду, жыл сайын курулуш уланууда. 2017-2018-окуу жылында жаңы 26 мектеп ишке берилген. Республика боюнча 200 жаңы мектепке муктаждык бар.

Мамлекет башчысы республикадагы мектептердин авариялык абалын же мектеп жетишпеген жерлерди мониторинг кылып, аларды оңдоп-түзөө, жаңы мектептерди куруу боюнча кечиктирилгис чараларды жүргүзүү же аларды оптималдуу жана натыйжалуу колдонуу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал жаңы мектептерди куруу ар бир шаар, район, айылдын демографиялык абалына жараша анализ жүргүзүлгөндөн кийин, ар бир жылга жана келаткан 5 жылга жасалган божомолдун негизинде болушу керектигин айтты. Шаарларда жана айылдарда бош жаткан имараттарды бала бакча катары пайдалануу жана толук комплектелбеген мектептерде «бала бакча — мектеп» комплекстерин кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Комплектелбеген баштапкы адистик-техникалык уюмдардын базасында мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн кесипкөйлүк жана маалыматтык-коммуникациялык жөндөмүн  өнүктүрүү үчүн «жаңы жогорку мектепти» түзүү керек. Өлкөнүн бардык аймактарында так илимдер-математикалык багыттагы мектептердин тармагы өнүгүшү зарыл.

Президент ошондой эле акыркы мезгилде басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүнө көңүл бурду. Сооронбай Жээнбеков окуу китептерин басып чыгарууга системдүү мамиле керектигин айтты. Окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу, таратуу үчүн сапатын көзөмөлдөө, белгиленген стандарттарды жана процедураларды сактоо, бюджеттик жана донорлук акча каражаттарын колдонуу алдын ала пландалып, ишке ашуусу керек.

Мамлекет башчысы окуу китептерин басып чыгарууда  коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу зарылдыгын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөнүн болочок адистерин даярдоо сапатын жогорулатуу талабын койду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30