KELECHEK
rek

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Centerra Gold Inc:

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен калыбына келгенин билдирди.

Кыргызстандык айрым маалымдоо каражаттарынын Канаданын баалуу кагаздар боюнча улуттук агенттиги "Центерранын" жетекчилигине карата кызматтык иликтөө жүргүзө баштаганы жана мындан улам Торонтодогу акциялардын сатыгын убактылуу токтоткону тууралуу кабары туура эместиги кабарланды. 30-апрелде бир катар басма сөз каражаттары жашыруун булактарга шилтеме берүү менен жогоркудай маалымат тараткан болчу.

"Центерра Голд" Канада өкмөтү 29-апрелде компаниянын акцияларын сатууну убактылуу токтотконун ырастады. Бирок, ал тинтүүлөр менен байланыштуу эместигин, Бишкектеги кеңседеги соңку окуялар "Кумтөрдөгү" ишке кедерги тийгизбегенин жарыялады.

“Кумтөр голд” компаниясынын Бишкектеги кеңсесинде 28-апрелде укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүп, кылмыш ишке керектүү маалыматтар алынгандан кийин Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында “Центерранын” акциялары он пайызга жакын арзандап кеткенин Akchabar порталы жазып чыккан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ишканада каржылык мыйзам бузууларга орун берилгенин, акча каражаттар мыйзамсыз чыгарылып кеткенин жүйө келтирип, кылмыш ишин козгогон. Алтын кенди иштеткен “Центерра голд” компаниясы болсо мыйзам бузуулар тууралуу айтылгандарды четке кагып, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырып, мунаса табылбаса эл аралык арбитраждык сотко арыз жолдонорун эскертти. Кыргызстан “Кумтөрдөгү” акциялардын 32,1 пайызына ээ.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38

Казакстанга картошка сатуу маселеси Астанада талкууланат

Казакстанга картошка сатуу маселеси Астанада талкууланат

Буга байланыштуу 11-майда кыргызстандык адистер Астанага барып, казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:49