KELECHEK
rek

Өзбекстанда окуучулардын мугалимдер тарабынан сабалышы текшерилет

Өзбекстанда окуучулардын мугалимдер тарабынан сабалышы текшерилет

Өзбекстандын Навои шаарындагы маданият мектебинин эки мугалимине окуучуларды жапырт сабагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.

Журналисттердин колуна тийген видеодо катарга тизилип турган ондон ашык окуучуну өспүрүм бала муштум менен уруп жатканын көрүүгө болот.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя Навои шаарындагы маданият мектебинде болгону аныкталган. Күбөлөрдүн айтымында, видеону окуучулардын бири жашыруун түрдө тартып алган.

«Видео жатаканадагы эшиктердин бири сынган күнү болгон. Балдарды сабап жаткан өспүрүм жатакананын башчысы. Сулаймон Кучкаров аттуу тарбиячы аны колдонуп, эшикти ким сындырганын аныктагысы келген», - деди күбөлөрдүн бири.

Аталган мектептин директору Голиб Сатторов видеодогу окуя алардын мектебинде болгонун ырастады. «Бул окуя былтыр 14-октябрда болгон. Мен ага катышкандардын бардыгы менен сүйлөшкөм. Балдарды уруп жаткан өспүрүм жогорку курстун студенти, жатакананын башчысы. Сабалгандар болсо 2-курста окушат. Аларга кол көтөргөндөргө тиешелүү чаралар көрүлдү», — деди Сатторов.

Бирок күбөлөрдүн бири сабалган студенттер мындай жазага ыраазы болбогонун билдирүүдө. «Жатаканада мындай окуялар дээрлик күн сайын болуп турат. Окуучулардын мектеп жетекчилигине даттанганынан эч кандай өзгөрүү болбой келет», — деди ал.

Өлкөнүн Маданият министрлигинин өкүлү Навоидеги мектептин жетекчилиги бул окуяны министрликтен жашырып койгонун билдирди. «Белгиленген эрежелерге ылайык, мектеп окуучулардын сабалгандыгы жөнүндө министрликке кабар бериши керек болчу. Мен бул тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Биз бул маселени сөзсүз териштиребиз», - деп билдирди министрликтин өкүлү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30