KELECHEK

Түркмөн президенти дем алышта дрифтиг менен алектенип, гольф ойноду

Түркмөн президенти дем алышта дрифтиг менен алектенип, гольф ойноду

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өткөн дем алышта Ашхабад түндүгүндөгү турак-жайлардын курулушу менен таанышып, спорттук автомобиль менен жарышка катышып, гольф ойноду.

Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) кабарлагандай, Гурбангулы Бердымухамедов ИИМдин Автоспорт борборун кыдырып, жаңы келген спорттук автоунаалар менен таанышты. Президент жарышка ылайыкташкан машинелерди мыкты айдай турганын далилдеди.

Жекшембиде Бердымухамедов шаардагы гольф-клубга барды. Бул күнү аны вице-премьер-министрлер, Ашхабаддын акими коштоп жүрдү.

Мамлекеттик телеканалдар ак формачан Бердымухамедов гольф-карда отуруп алып, орун басарларына гольф тууралуу лекция окуп жатканын көрсөтүштү. Бердымухамедов вице-премьерлерге түркмөндөрдүн “чилик” спорттук оюну гольф менен өтө окшош экенин айтып берди.

Ал муну менен эле чектелип калбай, учурда көптөгөн заманбап спорттук дисциплиналар түркмөн улуттук оюндарынан чыкканын кошумчалады.

2017-жылы октябрда – Түркмөнстанда экономикалык кыйынчылыктар күч алган учурда Ашхабадда салтанаттуу түрдө гольф-клуб ачылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Мирзиёев 2020-жылы өтө турган Олимпиадага даярдыкты сындады

Мирзиёев 2020-жылы өтө турган Олимпиадага даярдыкты сындады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дене...

СПОРТ 2019-09-06  13:40

Кыргызстандын курама командасы Волейбол боюнча Азиянын аймактык...

Кыргызстандын курама командасы Волейбол боюнча Азиянын аймактык...

Волейбол боюнча Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону наамына татыган Кыргызстандын курама...

СПОРТ 2019-08-26  16:04

Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка...

Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка...

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү....

СПОРТ 2019-08-16  02:20

Эл аралык бокс федерациясы олимпиадалык турнирден четтетилди

Эл аралык бокс федерациясы олимпиадалык турнирден четтетилди

26-июнда Эл аралык Олимпиада комитети Лозаннада өткөн...

СПОРТ 2019-06-27  19:57

Ооганстандын футбол федерациясынын мурдагы башчысы камакка алынат

Ооганстандын футбол федерациясынын мурдагы башчысы камакка алынат

Ооганстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Керамуудин Карим

9-июнда Ооганстандын...

СПОРТ 2019-06-12  17:35

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоду

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоду

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 кг салмакта америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп,...

СПОРТ 2019-06-10  14:30

Өзбекстан кыз-келиндер футболу боюнча Азия кубогун өткөрүүгө...

Өзбекстан кыз-келиндер футболу боюнча Азия кубогун өткөрүүгө...

2022-жылы кыз-келиндер футболу боюнча Азия Кубогун...

СПОРТ 2019-06-03  11:01