KELECHEK
rek

Токмокто жергиликтүү кеңештин депутаты мушташта каза тапты

Токмокто жергиликтүү кеңештин депутаты мушташта каза тапты

Токмок шаарында Чүй районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты мушташтан улам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Назира Имангазиева билдирди.

«Окуя Токмок шаарынын көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анын натыйжасында бир адам өлүп, бирөө ооруканага түшкөн. Азыр кылмышка шектүү катары бир киши кармалды. Учурда ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Каза болгон жаран Чүй районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Ал депутаттыкка өзүн-өзү көрсөткөн», - деди Имангазиева.

17-мартка караган түнү Токмок шаарындагы «Космос» кинотеатрынын жанында жапырт мушташ болгон.

Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Киши колдуу болгон депутаттын өлүмүнө шектүү катары Токмок шаарынын 24 жаштагы тургуну кармалды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...