KELECHEK
rek

Ашхабад "Талибандан" чегинген ооган аскерлерине чек арадан өтүүгө уруксат берди

Ашхабад

Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстан жүздөн ашык ооган аскеринин мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө уруксат берди. Бул тууралуу Ооганстандын түндүгүндөгү Бадгис провинциясынын бийлиги билдирди.

Губернатордун басма сөз кызматы Бала-Мургаб районундагы талибдер менен болгон урушта 150дөн ашык ооган аскеринин туткунга алынгандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.

17-мартта «The New York Times» гезити расмий Ашхабад Түркмөнстандын аймагына чегинген 100гө жакын ооган аскерин чек арадан өткөрбөй койгонун кабарлаган.

Бадгис провинциясындагы Бала-Мургаб районунун көпчүлүк аймагын талибдер былтыр басып алышкан. Ооган аскерлери менен полиция райондун административдик борборун жана бир нече маанилүү унаа жолун көзөмөлдөп турган.

Талибдердин өткөн жумадагы кезектеги чабуулунун жүрүшүндө жергиликтүү полиция жана аскер кызматкерлери чоң жоготууга учурап, Түркмөнстан чек арасын көздөй чегинүүгө аргасыз болушкан. Батыш өлкөлөрүнүн басылмалары талибдер жүздөн ашык ооган аскерин туткунга алганын кабарлашкан.

Бирок Бадгис провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Жамшид Шахаби Ооганстандын 100дөн ашык аскери жана офицерлери курал-жарагы менен Түркмөнстандын аймагына өткөнүн билдирди. Анын айтымында, аскерлер жакынкы күндөрү Тургунду порту аркылуу мекенине кайтып келишет.

Бадгис провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Абдул Азиз Бек Reuters агенттигине Түркмөнстан 100гө жакын ооган аскери өз аймагына өткөрбөй коюп, алардын 50гө жакыны талибдерге багынып беришкенин билдирген.

Бадгис бийлиги Бала-Мургабдагы талибдердин саны эки миңден ашпай турганын жана алардын арасында чет өлкөлүк жалданма жолчулар бар экенин билдирүүдө.

Талибдердин Бала-Мургабдагы чабуулу 11-мартка оогон түнү башталган. Анын жыйынтыгында 20дан ашык чек ара полициясы каза болуп, дагы он адам жаракат алган. Мындан тышкары согушкерлер 28 аскерди туткунга алышкан.

Ал ортодо өзүн «Талибан» кыймылынын басма сөз катчысы деп тааныштырган Каримова Юсуф Ахмади акыркы эки сутканын ичинде 72 полиция жана аскер кызматкери туткунга алынганын билдирди. Ооганстандын Коргоо министрлигинен бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...