KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунуда 6 миңге жакын жаран акысыз юридикалык кеңеш борборуна кайрылган

Жалал-Абад облусунуда 6 миңге жакын жаран  акысыз юридикалык кеңеш борборуна кайрылган

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында ачылган акысыз  юридикалык кеңеш берүү борборуна өткөн 2018-жыл ичинде акысыз кеңеш алуу үчүн 6 миңге (6000) жакын жаран кайрылган. Бул боюнча облустук юстиция башкармалыгынын адиси Назигул Куканова билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, акысыз кеңеш берүү борбору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМнин “Кыргыз  Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилетүүлүгүнө жетүү” долбоорунун, “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жана USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосу менен түзүлгөн.

Аталган борборлор жарандарга акысыз негизде консультациялык укуктук жардам көрсөтүү үчүн "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" КР мыйзамын ишке ашыруу максатын көздөйт. Азыркы учурда бүткүл республика боюнча Юстиция миистрлигине караштуу 24 акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору иш жүргүзүшөт.

Акысыз укуктук кеңешти кайсы жерден алууну билесизби?

- Назигул Абдурахимовна, Акысыз кеңеш берүү борборунун ишин кайсы орган координациялайт?

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекет кепилдеген юридикалык  жардамды координациялоо борбору Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун ишин координациялайт жана юридикалык жардамга муктаж адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, калкты укуктук жактан агартууга, жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин өнүктүрүүгө жардам берет.

- Акысыз консультациялык жардам көрсөтүү борборлорунда укуктук кеңешти кимдер ала алат?

- Акысыз консультациялык-укуктук жардам алууга төмөнкү жарандар укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын жарандары;

- Чет өлкөлүк жарандар;

- Жарандыгы жок адамдар;

- Качкындар.

Борбордун консультанттары  жарандардын укуктарын жана милдеттерин, соттук жана соттон тышкары тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берип, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам беришет.

- Жалал-Абад облусунун аймагында учурда канча борбор иштеп жатат?

- Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 4  акысыз кенеш берүү боборлору иштеп консультант адистер жана район шаарлардагы мамлекеттик нотариустар, адвокаттар кайрылган жарандарга укуктук жактан кеп-  кенештерин берип келе жатышат. Акыркы 2018-жыл ичинде акысыз кеңеш алуу үчүн 6000ге жакын жаран кайрылган.  Жыл башынан бери  биздин борборлорго Жалал-Абад шаарына 70тен ашуун, Базар-Коргон районуна 50, Аксы районуна 96, Кара-Көл шаарына 53кө жакын жаран кайрылган. Район – шаарлардагы мамлекеттик нотариустарды кошкондо 1500 ден ашуун жаранга  акысыз юридикалык кеңештер берилген.  

- Жарандар кайсы маселе боюнча көбүрөөк кайрылышат?

- Негизинен жарандар социалдык маселелр пенсия, жөлөкпул алуу, жер участогун берүү жана жер участогуна документтерди тариздөө менен байланышкан маселелер, юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу боюнча, мурас менен  байланышкан маселелер боюнча көп кайрылышат. Ошондой эле, жарандар Алименттер менен байланышкан, туулгандыгы тууралуу жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктү тариздөө боюнча, мүлктү жана мүлк укугун берүү, документтөөнүн башка маселелери сыяктуу суроолор менен кайрылышат.  Кайрылган жарандарга көйгөй жараткан маселелери боюнча жол жоболор көрсөтүлүп жардамдар көрсөтүлөт, канааттандырарлык жоопторду алышкандан кийин ыраазы болуп кетишет, - дейт Н. Куканова.

Укуктук билимди мектептен баштоо керек!

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Концепциясын” ишке ашыруу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш алып барып, мурда мектептерде 9-класстан эле “Адам жана коом” деген сабак өтсө, эми бала бакчадан баштап, мектепке кирип, бүткөнгө чейин “Укуктук тарбия” деген сабак киргизилип жатат. Бала кичине кезинен баштап эле укуктук маданиятты окуп үйрөнүшсө, 10-20 жылдан кийин коом башка болуп өзгөрөт. Бул багытта тарбиячылар жана мугалимдер атайын окуудан өткөрүп, аталган программа 2017-2018-окуу жылдарында ишке ашаарын КР Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармалыгынын башчысы А.Чотонов мындан эки жыл мурун билдирген эле.

Акыркы эки жылдан бери жогорку класстын окуучуларына “Укуктук тарбия” деген сабак өтүп жатканы боюнча Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Акбар Эрматов билдирди.

- Калкка жана студенттерге акысыз юридикалык кеңеш берүү боюнча облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттерине, мектептерде окуучуларга декадалык окууларын өткөрүштү. Мен мектептерге барып “Укугуңду бил!” деген темада КР Конституциясы боюнча сабактарды өтүп жатам. Эми муну окуу жылы аяктаганга чейин улантабыз. Анан калк арасында укуктук темада көбүрөөк түшүндүрүш керек. Ошондо калктын укуктук аң сезими өсмөк. Негизинен акысыз кеңеш берүү “КР мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам” деген мыйзамдын негизинде ишке ашырылууда. Аталган мыйзам ырасмий түрдө 2012-жылдан бери иштеп келе жатат. Толук өзгөртүүлөр менен 2016-жылдын 16-декабрында кайрадан кабыл алынган” – дейт А. Эрматов.

Акырында айтаарыбыз, калктын укуктук билимин көтөрүүдө алгач бала бакчадан баштап, мектепте окуган өспүрүмдөрдү, андан кийин студенттерди окутуудан  баштоо эң туура болчудай. Келечек – жаштардыкы болгондуктан, ар бир жаран өз укугун коргоону мектеп партасынан баштап үйрөнсө, ошондо коомубузду сары чырмооктой болуп ороп алган коррупция деген балээден биротоло кутулат элек.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38